Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Түркмөнстан: коронавирус миңдеген кишинин өмүрүн алган


Ашхабад, Түркмөнстан.
Ашхабад, Түркмөнстан.

Коронавирустун таралышы жашырылып келген Түркмөнстанда 25 миңден ашуун адам COVID-19дан каза тапканы кабарланды. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагындагы ишенимдүү булагына таянып, маалымат жарыялады.

2020-жылдын март айынан, пандемия жайылган күндөн тартып Түркмөнстанда илдетти жугузгандардын арасынан 25 миңден ашуун адам коронавирустан каза тапкан.

Мындай көрсөткүч түркмөн бийлиги коронавирустун жайылышын моюнга албай келген жагдайда биринчи жолу купуя жарыяланды.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын саламаттыкты сактоо тармагындагы жашыруун булагы өкмөт илдеттин бар экенин расмий түрдө моюнуна албаганы менен короанвирустан өлгөндөрдү жашыруун каттоого аларын айтып берди.

"Коронавирустан өлгөндөрдүн саны ачык жарыяланбаганы менен күн сайын жергиликтүү бийликтер саламаттыкты сактоо министрлигине отчетторду жиберип турушат. Министрликке бекитилген коопсуздук кызматынын кураторлору аймактардан отчетторду чогултушуп, кырдаалга байланыштуу жалпы көзөмөл жүргүзүшөт", - деп жазуу түрүндө билдирген коопсуздугунан чочулаган маалымат булагы.

Чыныгы абалды айта албаган акимдер

Бирок “Азаттыктын” түркмөн кызматына бул маалыматты саламаттыкты сактоо министрлигинен расмий тасттыктоого мүмкүн болгон эмес.

Жашыруун булактын маалымдашынча, коронавирустан каза болгондордун эң көбү Түркмөнстандын Мары жана Лебап аймактарында катталган.

Ал бул аймактардан борбордук бийликке түшүп жаткан маалыматтардагы сандар адатта азайтылып көрсөтүлөрүн жана чыныгы абалды сүрөттөй албашын айткан.

"Аймактардын акимчиликтери кесепеттеринен чочулап, өлүмдөрдүн чыныгы саны тууралуу маалыматтарды кечиктирип жөнөтүшөт. Муну аныктоо мүмкүн эмес. Анткени жергиликтүү бийликтер көпчүлүк учурда өлгөндүгү тууралуу күбөлүктөрдү жазууда анын жалган себептери көрсөтүлөт. Кээ бир учурларда гана коронавирус өлүмдүн себеби катары көрсөтүлүп, мындай отчеттор түз эле Ашхабадга жиберилет", - дейт жашыруун булак.

Ашхабад шаары, 15-июль, 2020-жыл
Ашхабад шаары, 15-июль, 2020-жыл

"Өлкөдө коронавирус жок"

Буга карабастан түркмөн бийлиги өлкөдө коронавирус жок экенин жарыялап, бул сөздү расмий колдонууга да тыюу салган.

Өткөн жумада Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун аймактык бюросунун башчысы Ханс Клюге Түркмөнстандын президенти менен жолукту. Гурбангулы Бердымухамедов өлкөдө таажы вирусу катталбаганын дагы бир ирет кайталап, ага карабай калктын 70% эмделгенин билдирди.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун аймактык бюросу Түркмөнстандагы коронавируска байланыштуу кырдаал тууралуу маалымат берүүдөн баш тарткан.

Буга чейин түркмөн бийлиги вируска каршы күрөшүү жана дары-дармек менен камсыздоо шарттары боюнча эл аралык уюмдар же башка мамлекеттер менен кызматташканы тууралуу ачык маалыматтар чыккан эмес.

Бул арада интернет колдонуучулар соңку мезгилде Түркмөнстандагы жаңы көрүстөндөрдүн көрүнүшү жана алардын коронавируска байланыштуу болушу мүмкүн экени тууралуу видео тасмалар тарады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG