Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:29

Баткенде коңшу өлкөнүн жараны ири өлчөмдөгү баңгизат менен кармалды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Баткен облус боюнча башкармалыгы тарабынан баңгизатын саткан чет элдик жаран кармалган. Шектүү Баткен облусунун Жаштык айылынын аймагында Тажикстан менен чектешкен башкы жолдо баңгизаттарды жеткирүүнү уюштуруп, сатууну көздөгөн. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Ыкчам иликтөө иш-чаралары маалында кармалган киши Тажикстандын жараны экени аныкталган. Тинтүү учурунда жанынан 9,5 килограмм салмактагы өзгөчө жыты бар зат табылып алынган. Соттук-химиялык экспертиза жүргүзүлүп, алынган зат Ооганстанда өндүрүлгөн нашаа болуп чыккан.

Кармалган жаран Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Кыргызстан маңзат ташылган жолдун боюндагы мамлекет экени айтылып жүрөт.

Адистер бул жолду "Түндүк маршрут" деп атап, Ооганстандын героини Тажикстандан Кыргызстан аркылуу тонналап, Орусия менен Европа өлкөлөрүнө жашыруун каналдар аркылуу тарай турганын белгилешет. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG