Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:13

Тоолуу Карабак: Физулиде аэропорт ачылды


Азербайжан жана Түркия президенттери Тоолуу Карабакта жаңы автожолдун пайдубалын түптөө иш-чарасында. 26-октябрь, 2021-жыл
Азербайжан жана Түркия президенттери Тоолуу Карабакта жаңы автожолдун пайдубалын түптөө иш-чарасында. 26-октябрь, 2021-жыл

Түркия менен Азербайжандын президенттери Режеп Тайып Эрдоган менен Илхам Алиев Тоолуу Карабакка жакын Физули шаарында жаңыдан курулган эл аралык аэропорттун ачылышына катышты.

Эл аралык аба майданы сегиз айда, эң кыска мөөнөттө курулуп, бүткөрүлдү. Ал былтыр 44 күндүк согуштан кийин ноябрь айында кол коюлган элдешүү келишиминин алкагында Бакунун көзөмөлүнө өткөн Тоолуу Карабак менен чектеш райондун борбору Физули шаарында жайгашкан.

Аэропорттун бир конуу тилкеси бар, анын терминалы 200 жүргүнчүгө ылайыкталган. Эл аралык аба транспорту ассоциациясы (IATA) аны эл аралык аэропорттордун тизмесине киргизген жана FZL коду ыйгарылган.

Физули былтыркы согушта Азербайжан этникалык жикчил армян күчтөрүнөн кайтарып алган биринчи шаар.

Бул аэропорт Тоолуу Карабактын армянча Шуши деп аталган негизги шаарынан 100 чакырымдай түштүк-чыгышта жайгашкан.

Эрдоган менен Алиев ошондой эле Баку өткөн жылы көзөмөлгө алган Тоолуу Карабакка чектеш дагы бир район Зангиланд аймагындагы жаңы автожолдун жана айыл чарба паркынын курулушунун пайдубалын түптөө аземдерине катышты. Түрк курулуш компаниялары долбоорлорго катыша турганын азери бийлиги мурда билдирген.

Түркия президентинин администрациясы эки лидер азери-түрк мамилелеринин «кеңири спектрин» жана эки элдин кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнүн жолдорун сүйлөшүп, аймактагы жана дүйнөдөгү кырдаалды талкууга аларын маалымдады.

Эки тараптан тең миңдеген курмандыктарга алып келген былтыркы катуу салгылашуу Москванын ортомчулугу менен аяктаган.

Бул аймак эл аралык деңгээлде Азербайжандын бир бөлүгү катары таанылган, бирок 1990-жылдардын башындагы сепаратисттик согуштан кийин этникалык армян күчтөрүнүн көзөмөлүнө өткөн.

XS
SM
MD
LG