Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:47

Түштүк Кореянын шайлоо аркылуу бийликке келген биринчи президенти көз жумду


Борис Ельцин менен Ро Дэ У (оңдо). Ельцин ага 1983-жылы советтик истребител атып түшүргөн Korean Air Lines KE007 учагынын кара кутусун тапшырып жаткан учуру. 1992 жыл
Борис Ельцин менен Ро Дэ У (оңдо). Ельцин ага 1983-жылы советтик истребител атып түшүргөн Korean Air Lines KE007 учагынын кара кутусун тапшырып жаткан учуру. 1992 жыл

Түштүк Кореянын тарыхында алгачкы жолу демократиялык эркин атаандаштыктагы шайлоону жеңип президент болгон Ро Дэ У 89 жаш курагында Сеулдун госпиталында узакка созулган оорудан кайтыш болду.

Ал расмий түрдө жеке коррупциялык иши үчүн кечирим сурап, улуттук телеберүүдөн сүйлөгөн. Андан соң ал пара алганы жана аскердик төңкөрүшкө катышканы үчүн 25 жылга эркинен ажыратылган. Анын өлүмү тууралуу Рёнхап агенттиги кабарлады.

Ро кесиби боюнча аскер адамы. Ал 1953-жылы корей жана вьетнам согуштарына катышкан. Ал генералдык чинге чейин жетип, 1979-жылы анын эски досу Чон Ду Хван уюштурган аскердик төңкөрүшкө аралашкан. Ал 1980-жылы кеминде 165 адам жок кылынган Кванжудагы каршылык акциясын басууга катышкан.

Ро Дэ У мамлекеттик министр жана улуттук коопсуздук министри сыяктуу кызмат орундарын ээлеп келген. Мына ошол кезде өлкөнү башкарган Чон Ду Хван аны өзүнүн мураскери деп атаган. Анткен менен каршылык акциялары күчөп турган шартта демократиялык кайра түзүүлөрдү жетектеп, биринчи жолу оппозиция катышкан президенттик шайлоо өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берген.

Биринчи шайлоого катышуу 89 пайызды түзүп, Ро анда болгону шайлоочулардын 36% добушун алып, шайлоодон жеңип чыккан.

Ал президент учурунда Түштүк Корея 1991-жылы БУУнун мүчөлүгүнө кабыл алынып, Түндүк Корея менен кол салышпоо тууралуу келишимге кол коюлуп, СССР жана Кытай менен дипломатиялык мамилелер жолго салынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG