Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:25

Кыргызстан Глазгодогу климаттык конференцияда өз милдеттемесин сунуштайт


Ак-Шыйрак тоо кыркасындагы Батыш Борду мөңгүсүнүн тили жылына 8-10 метрге чейин кыскарып баратат, 2021-жыл.
Ак-Шыйрак тоо кыркасындагы Батыш Борду мөңгүсүнүн тили жылына 8-10 метрге чейин кыскарып баратат, 2021-жыл.

Кыргызстан 31-октябрдан 12-ноябрга чейин Шотландиянын Глазго шаарында өтө турган Бириккен Улуттар Уюмунун климат боюнча сүйлөшүүлөрүнө улуттук милдеттенмесин сунуштады. Бул тууралуу БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кабарлады.

26-октябрда Бишкекте өткөн жыйынга Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров, Климаттык каржылоо боюнча борборунун директору Дастан Абдылдаев, Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гаррет жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен катышты.

Жаңыланган документте Париж келишиминин алкагында Кыргызстан 2030-жылга чейин абага бөлүнүп чыккан зыяндуу газдарды 15,97% жана эл аралык колдоонун аркасы менен 43,62% кыскартуу милдетин алган. Ошондой эле экономиканы жашылдандырып, көмүрсүз энергия булактарын ишке киргизүү, чакан ГЭСтерди куруу, энергиянын таза булактарын өндүрүү боюнча долбоорлорду көбөйтүү максаттары да белгиленген.

Глазгодо өтө турган БУУнун коференциясы климат боюнча эң масштабдуу иш-чара болуп саналат. Ага Кыргызстандын делегациясы да катышат.

2015-жылы БУУнун Париж келишимин 195 мамлекет кабыл алган. Ага ылайык, дүйнө өлкөлөрү 2100-жылга карата глобалдык температуранын орточо ысышын эң жогору дегенде индустриалдык доорго чейинкиден же 1880-1899-жылдардагы орточо көрсөткүчтөн эки градустан ашырбоо үчүн аракеттерди көрүшү керек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG