Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:57

Жаштар арасында адам сатуунун алдын алуу талкууланат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

27-октябрда балдар жана аялуу жаштар арасында "Адам сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча социалдык өнөктөштүктү чыңдоо” аттуу тегерек стол өтөт.

Талкууга президенттин балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпара Рысбекова, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин, прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда кулчулукка сатылгандардын көпчүлүгү мигранттар. Өлкөдө бир жылда жарандардын кулчулукка кабылганы боюнча он чакты кылмыш иши катталат.

Бирок эл аралык уюмдар кулчулукка кабылгандардын көпчүлүгү укук коргоо органдарына кайрылбай турганын эске салып, киши сатуунун курмандыктары мындан бир нече эсе көп экенин, же жыл сайын 100дөн ашуун киши кулчулукка кабыларын белгилешет.

Ушул жылдын 1-июлунда АКШнын Мамлекеттик департаменти 2020-жылдагы Адам сатууга каршы күрөш боюнча баяндамасын жарыялады. Ага ылайык, Кыргызстан былтыр адам сатуу маселесин чечүүгө багытталган аракеттеринин натыйжасында 2 баскычка көтөрүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG