Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:15

Тажикстанда камакта жатат деген жарандын туугандары бийликке кайрылды


Тажикстан менен чек арадагы Жаштык айылы
Тажикстан менен чек арадагы Жаштык айылы

Быйыл 16-сентябрь күнү Тажикстандын Жийделик айылына жакын жерден кармалган Кыргызстандын жараны Саидакмат Артыковдун туугандары маалымат жыйын өткөрүштү.

Алар тууганын бошотууга жардам берүүнү өтүнүп, кыргыз бийлигине кайрылуу жасашты. Алардын айтымында, Саидакмат Артыков Тажикстандын аймагындагы Жийделик айылында туулуп, чоңойгон. Кийин Кыргызстандын жарандыгын алып, туулган айылына барып келип турган. 15-сентябрда күйөө баласынан кабар алуу үчүн коңшу өлкөгө барып ошол боюнча чыккан эмес.

Жакындарынын айтымында, тажик күч кызматтары чек араны мыйзамсыз бузуп өткөнү үчүн кармалды деп билдиришкен. Ошондой эле сыркоолоп, ооруканага түшкөнү тууралуу маалыматы бар экенин айтып жатышат.

Тажикстан тараптан Артыков боюнча комментарий боло элек.

Сентябрь тажик күч кызматтары чек аралаш аймактан төрт кыргызстандык жаранды кармап кетишкен, алар сүйлөшүүлөрдөн кийин бошотулган. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG