Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:49

Жалал-Абад ОИИБ: Ташиев ачкычын тапшырган үйдү жеке ишкер курган


Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

Жалал-Абад облусунун Сузак райондук Ички иштер бөлүмү Барпы айылындагы үй-бүлөгө атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев ачкычын тапшырган үй жеке ишкер тарабынан курулганын билдирди.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, жеке ишкер Абдимиталип Мамытов жана айыл тургундары муктаж болгон Муратовдордун үй-бүлөсүнө төрт бөлмөлүү үй куруп беришкен. Камчыбек Ташиев ошол учурда айылда болгондуктан үйдүн ачкычын тапшырууну суранып кайрылышкан.

Буга чейин социалдык тармакка Камчыбек Ташиев Барпы айылынын тургунуна үйдүн ачкычын тапшырып жаткан видео-тасма тараган.

Пери Орозбекова аттуу "Фейсбук" колдонуучу Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси Шайырбек Ташиев №14 Жалал-Абад шайлоо округунан парламенттик шайлоого талапкер болуп бара жатканын, шайлоо өнөктүгү маалында талапкердин жакын туугандары кайрымдуулук иши менен алектенүүсүнө мыйзам тыюу саларын билдирип чыккан. Борбордук шайлоо комиссиясы аталган билдирүүнү текшерүү үчүн Ички иштер министрлигине жөнөткөн.

Сузак РИИБи аталган фактыны текшерүү учурунда мыйзамды бузган аракеттер тастыкталбаганын билдирет.

Кыргызстанда 28-ноябрда аралаш система менен парламенттик шайлоо өтөт. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, парламентте 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан келет.

Арыздарды карап, документтерди текшерүү жана талапкерлерди каттоо 29-октябрга чейин аяктайт. 29-октябрда үгүт иштери башталат. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG