Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:10

Татарстан: газ жарылуудан бир адам каза болуп, үчөө жараат алды


Татарстан. Набережный-Челны шаарындагы газ жарылган көп кабаттуу үй.
Татарстан. Набережный-Челны шаарындагы газ жарылган көп кабаттуу үй.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, жарылуу Татарстандын Набержные Челны шаарындагы беш кабаттуу турак жайда 25-октябрга караган түнү болгон.

Андан 22 жаштагы аял каза тапты, алты батир кыйрап, 32 адам эвакуацияланган.

Жарылуу тартылган видеодо жогорку эки кабаттын чатыры жана бир бөлүгү урап түшкөнүн көрүүгө болот. Урандылар жакын жердеги имараттарга жана көчөдөгү автоунааларга зыян келтирген.

Окуя боюнча Тергөө комитети кылмыш ишин козгоду.

Газдын жарылуусу Орусияда түтүктөрдүн жана инфраструктуранын эскиргенинен, ошондой эле коопсуздук эрежелерин бузуудан улам байма-бай болуп турат.

Сентябрь айында Москвадан алыс эмес жердеги Ногинск шаарында тогуз кабаттуу үйдөгү газдын жарылышынан жети киши набыт болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG