Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:14

Кыргызстанда жумушсуздардын саны өстү


Бишкектеги жаңы конуштардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги жаңы конуштардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жумушсуздардын саны былтыркыга салыштырмалуу 3,4 пайызга өстү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине шилтеме кылып жергиликтүү сайттар жазды.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 1-октябрына карата Кыргызстанда 104 миң адам жумушсуз катары катталган.

Жумушсуздардын эң көбү Жалал-Абад облусунда. Анда 22 миң 195 адам туруктуу жумушу жок, бул облус калкынын 1,79 пайызын түзөт. Эң төмөнкү көрсөткүч Нарын облусунда – 2 миң 877 адам же жалпы калктын 0,9 пайызын түзөт. Жумушсуздардын 46 пайызын аялдар түзөт.

Эл аралык республикалык институт (IRI) Кыргызстандын социалдык абалы тууралуу 21-февралдан 5-мартка чейин жүргүзгөн изилдөөсүндө кыргызстандыктар (59%) эң олуттуу көйгөй катары жумушсуздукту белгилешкен.

Кыргызстанда жумушсуздук - негизги социалдык-экономикалык маселелердин бири. Расмий маалыматка караганда, жумушсуздуктун деңгээли азыр 5,8% түзүүдө. Алты миллиондон ашуун калкынын миллионго чукулу Орусияда эмгек мигранты болуп жүрөт.

Президент Садыр Жапаров 23-октябрда өткөн басма сөз жыйынында бир жылда 353 жаңы ишкана ачылып, 42 776 жаңы жумуш орундары түзүлгөнүн билдирген. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG