Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:28

Акылбек Жапаров кыздарга өзүнчө спорт комплекси куруларын билдирди


Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова жана Айсулуу Тыныбекова.
Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова жана Айсулуу Тыныбекова.

Спорттогу кыздар үчүн өзүнчө комплекс курулат. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Ал комплекс 2022-жылы салына турганын кошумчалады.

"Айсулуу Тыныбекова баштаган бир катар балбан кыздар аябай сүйүнттү. Президенттин тапшырмасы менен кыздар үчүн өзүнчө спорт комплекс куруу чечими кабыл алынды", - деди Жапаров.

Жакында эле Норвегиянын Осло шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова алтын, Айпери Медет кызы коло байге алган. Балбан кыздар менчик спорт комплексинде машыга турганы буга чейин айтылган эле.

Учурда Жогорку Кеңеш ““Салык кодексинин долбоору жана аны колдонууга киргизүүгө багытталган” мыйзам долбоорун талкуулап жатат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG