Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:04

COVID-19: Арменияда каза тапкандар көбөйдү


Ереван, июль 2021-жыл
Ереван, июль 2021-жыл

Арменияда коронавирустан көз жумгандар 26-октябрда эң жогорку чекке жетти. Өлкөнүн саламаттык сактоо мекемеси ал күнү 57 киши каза тапканын маалымдады. Өткөн жумада эле COVID-19 илдети 330дан көп кишинин өмүрүн алды. Ошол эле маалда инфекцияны жугузуп алган адамдар да кескин көбөйдү. Соңку бир суткада вируска кабылган 1,5 миңден ашуун киши аныкталды.

Саламаттык сактоо министри Анахит Аванесян ооруканалар бейтаптарга толуп баратканын эскертти жана элди коомдук жайларда, транспортто беткап тагынып жүрүүгө үндөдү. 3 миллион калктын 10 процентке жетпегени гана толук эмделген Армения Европада вакцинация жагынан акыркы орунда турат.

XS
SM
MD
LG