Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 01:39

Сирия, Ирактан кайтарылгандарды катарга кошуу мүшкүлү


Иллюстрациялык сүрөт. "Аль-Хол" лагери, Сирия. 8-январь, 2020-жыл.

Ирактан алып келинген кыргызстандык балдар жаш курагына жараша бала бакчага жана мектепке барып жатышат. Бул тууралуу Бишкекте өткөн Ирак менен Сириядан кайтарылгандардын реабилитация жана реинтеграция маселесин талкуулаган эл аралык жыйында сөз болду.

Сирия менен Ирактагы согуш талаасынан кайтарылып келген жарандарды реабилитация кылуу, коомго аралаштыруу кандай жүрүүдө?

Гүлмиранын баяны

28 жаштагы Гүлмира (аты белгилүү себептер менен өзгөртүлдү) 2017-жылы эки жашар баласын жетелеп, Сириядан Кыргызстанга качып келген.

Өзүнүн айтымында, Түркияга иштегени барып, андан Сирияга кандайча өтүп кеткенин да билбей калган. Алданып, адашканын сезген Гүлмира башынан эле Кыргызстанга кайтуунун жолдорун издей баштаганын кеп салды. Сириянын түндүгүндөгү Табка шаарында болуп, ошол жактан турмушка чыгып, бир балалуу болгон. Кийин күйөөсүнө айтпай, кыргызстандык бир келинди ээрчитип качып келет. Жакынкы Чыгышта кайтып келген Гүлмира Кыргызстанда дале кодуланып, турмушу оор болуп жатканын айтып берди. Ал психолог, социалдык кызматкердин жардамын алмак тургай, атайын кызматтын өкүлдөрүнүн басымында калганын даттанууда.

"Чынымды айтсам, Сириядан кыйынчылыкты көргөнүм аз келгенсип, бул жактан андан бешбетер көрүп атам. УКМК кызматкери каалаган күнү келип үйдү тинтип кетет. Эч кандай психологиялык жардам алган жокпуз. Келгенден бери ушу, дагы деле стрессте жүрөм. Мен өзүм адашып барып калдым, билген жокмун. Негизи Түркияга иштегени баргам. Азыр деле "Хизб-ут-Тахрир" деп келишет. Үйдөн мыйзамга каршы эч нерсе табышкан жок, телефонумду, кийимдеримди алып кетишти. Кошуналарга жамандайт. Психологиялык жактан жардам берсе дагы сүйүнүп, балдарым үчүн жашайын дейт экенсиң. Өзүбүздүн күнөөбүздү моюнубузга алып мамлекетке кайтып келдик да. Мен эптеп жолду издедим. Өлүм же жол болчу, жолдон өлүп деле калышыбыз мүмкүн эле. Азыр иштей да албайм балдар кичине", - деди Сириядан качып келген Гүлмира.

Каарманыбыздын айткандары боюнча УКМК комментарий бере элек. Гүлмира сыяктуу адашкандардын кийинки жашоосу, аларды коомго аралаштыруу маселеси Бишкекте өткөн эл аралык жыйында талкууланып жатат.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн тажрыйбасы

Сирия менен Ирактагы жаңжалга Борбор Азия өлкөлөрүнөн 4 миңден ашуун жаран барганы айтылды. Алардын арасынан эркектердин көпчүлүгү каза болуп, аялдары жана балдары качкындар лагеринде же түрмөлөрдө калган. Борбор Азия мамлекеттери соңку жылдары аларды чыгарып кетүү жана жай турмушка кайтаруу аракетин көрүп келе жатат. Жыйында коңшу өлкөлөр согушка аралашып калып, кайра мекенине кайткан жарандарды реабилитациялоодогу тажрыйбалары менен бөлүштү.

Маселен, Өзбекстан “Мехр” деген атайын операциясын беш жолу өткөрүп, жыйынтыгында Сириядагы жана Ирактагы 400дөн ашуун аял, 300дөн ашуун балдарды кайтарып алды.

Өзбекстандагы балдарды социалдык адаптациялоо боюнча республикалык борбордун директору Василя Алимованын белгилешинче, алгач алынып келингендердин абалы өтө оор болгон. Алардын келечекке ишенимин жоголуп, дискриминация туш болгон учурлар катталган.

"Азыр дээрлик дискриминация жок десек болот. Коомчулук, социалдык кызматкерлер аларды кимдир бирөөнүн таасири алдында ошол чөйрөгө түшүп калган курмандык катары кабыл алып калышты. Өзгөчө ошол жерде төрөлүп калган балдардын бул жерде такыр күнөөсү жок. Алар өзү курдуу балдар менен тең ата жана жашоого керек болгон бардык шарттарды колдонгонго укуктуу. Оор шарттан өздөрүнүн өлкөсүнө келгенге бир чети сүйүнсө, бир чети коркуу сезими болгон. Ошол жакта төрөлгөн балдардын бир бөлүгү окуй албайт, жазганды билбейт. Оюнчугу дагы курал-жарак болуп калган. Баланын өнүгүүсүнө такыр шарт жок болгон. Аскердик шарттан башка шартты алар көргөн эмес. Азыр педагог, психологдор балдардын мүмкүнчүлүктөрүн ачканга жардам берип жатышат. Балдардын ошол коомдо өздөрүн ыңгайлуу сезүүсү өтө маанилүү", - деди Алимова.​

Казакстан согуштук талаадан келгендер менен 2016-жылдан тартып иштөөдө. "Жусан", "Русафа" деген операцияларды жүргүзүп, 2019-жылы Сирия жана Ирактан жалпысынан 600дөн ашуун жаранын кайтарды, алардын көбү балдар, калганы аялдар. Казакстандагы "Укук" коомдук фондунун директору Ольга Рыль кайтып келген балдардын өзүндөгү стигманы же өзүн өзү басынтууну жоюуга аракет жасоо зарылдыгын белгилөөдө.

"Кайтып келгендер менен иштөө тажрыйбасы бара-бара топтолот. Биз атасы менен чогуу түрмөдө болгон бала менен 2016-жылдан бери иштеп келатабыз. Азыр ал 11-класста окуп калды. Ошондо баштаган ыкма азыр оң натыйжа берди десек болот. Эмнеге азыр казактардын тажрыйбасын айтып жатышат? Биздин “Укук” фонду жана “Шанс” борбору балдар учактан түшкөн учурдан тартып бала бакча, окуу борборлорун уюштурганбыз. Балдар дагы келери менен мектеп сурашкан. Албетте, документтери даярдалган. Даярдоо курстары ишенимди пайда кылды, коомго аралашууну үйрөттү. Оор шартта, жалбырак жеп, жалбырактан шорпо жасап, жашоо үчүн күрөшүп жүргөн балдар зирек болот экен. Эсепке жөндөмдүү келишет. Ошол жөндөмдөрүн ачканга жетишип жатабыз. Эң негизгиси, алардын өздөрү окууга дилгир, кайсы класста окуш керек болсо ошого жетүүгө аракет кылып сунуш кылышат. Китеп жазган балдар бар. 12 жаштагы бала таежесине айтып берип, башынан өткөн окуясын китеп кылып жазып жатат. Атасы да, апасы да көз алдында каза болуптур. Ошонун бардыгын көркөмдөп айтып берет экен," - деди Рыль.

Расмий Дүйшөмбү Ирактан 84 баланы алып келген.

Кыргызстандагы жагдай

Ал эми Кыргызстан Ирактагы качкындар лагеринен "Мээрим" гуманитардык миссиясынын алкагында 79 кыргызстандык баланы ушул жылдын март айында алып келген. Алардын кичүүсү үч, улуусу 18 жашта. 37си Ирак, Сирия жана Түркия өлкөлөрүндө төрөлгөн. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаеванын айтымында, балдар туугандарына кайтарылып, ушул окуу жылдан тартып мектеп, бала бакчага барып калышты.

"Азыр балдар бала-бакча, мектепке барып калышты. Кесиптик-техникалык окуу жайда окугандар да бар. Алынып келинген балдардын реинтеграция, коомго аралаштыруу боюнча жыйынтыктарын айтуу эрте. Окуу жылы жаңы башталды. Бирок жумуш жүрүп жатат. Мониторинг да болот, ошондон кийин айтсак болот", - деди министрдин орун басары.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган террордук топтун мүчөлөрүнүн Сирияда жана Иракта атайын лагерлерде кармалып турган аялдары менен балдарын мекенине кайтарууга жардам көрсөтүү үчүн атайын фонд түздү. "Булан" институтунун жетекчиси Чолпон Орозобекованын айтымында, учурда Европа өлкөлөрү да балдарды репатриация кыла баштады. БУУ түзгөн фонд Сириядан же Ирактан өз жарандарын алып кетүүнү каалаган өлкөлөргө каражат берет.

“Азыр Сирияда 70 миң аял жана бала чөлдө чатырларда, аскерлердин кайтаруусунда жашап жатат, алардын 43 миңи балдар. 12 жашка чейинки балдар абдан көп. Эми репатриация кылууга ынтызар өлкөлөр көбөйөт деп ойлойм. Бул жакшы мүмкүнчүлүк, себеби БУУ каражат гана бербестен, реабилитация кылууну да үйрөткөнү жатат. Реабилитация өзү өтө оор жараян. Учак жөнөтүп, жүздөгөн балдарды, аялдарды алып келип коюу менен маселе чечилбейт. Бул чоң жумуштун башталышы десек болот. Реабилитация, реинтеграция 5-6 жылга созулушу мүмкүн. Ошого мамлекет даяр болушу керек. Алар травма алып келген адамдар. Конфликттен кийинки травма деп коет, ошону менен иштегенге даяр болуш керек. Диний жактан жумуш өтө көп. Анткени ал жакка кеткендер радикал идеяга берилип кеткендер да. Азыр Казакстан менен Өзбекстан имам, теологдор менен жакшы иш алып барып жатат. Кыргызстан өз жарандарын алып келем десе бүт адистерди, психолог, балдар менен иштеген теологдорду, педогог, социалдык кызматкерлерди даярдаш керек. Ханафий масхабды, Ислам - тынчтыкты сүйгөн дин экенин түшүндүрүп, үйрөтө алган имамдар болушу керек", - деди Орозобекова.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон. "Ислам мамлекети" террордук тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган. Ирактан балдар алынып келинген менен Сириядагы жарандарды алып келүү иштери жүрө элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG