Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:55

АКШ Судандагы төңкөрүштө камалгандарды бошотууга чакырды


Судан. Октябрь, 2021-жыл
Судан. Октябрь, 2021-жыл

АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 26-октябрда Судандын бийликтен кулатылган премьер-министри Абдалла Хамдок менен телефондон сүйлөштү. Бир нече күн мурун африкалык бул мамлекетте аскердик жетекчилик төңкөрүш аракетин көрүп, өкмөттүн жарандык мүчөлөрүн, арасында премьерди камакка алышкан. Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Нед Прайстын айтымында, Блинкен Хамдоктун бошотулушун кубаттады жана куралдуу күчтөрдү калган туткундарды кое берүүгө, алардын коопсуздугун камсыздоого чакырды. Мамкатчы ошондой эле Судандагы соңку окуяларга тынчсыздануусун билдирди.

Прайс эл аралык коомчулук жарандык жетекчиликти, демократияны жана тынчтыкты жактаган Судан элинин мүдөөсүн колдой турганын белгиледи.

АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы аскерлердин бийликти басып алышына жооп кайтаруунун экономикалык жолдорун караштырып жатканын Ак Үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жэйк Салливан билдирди.

Батыштын бир катар өлкөлөрү Судандагы төңкөрүштү айыптап, бийлик бөлүшүү калыбына келтирилбесе, жардам берүү токтоорун эскертишти.

БУУнун Коопсуздук кеңеши Судандагы абалды талкуулап, бирок билдирүү жасаган жок.

Буга чейинки төңкөрүш Суданда 2019-жылдын апрелинде болгон. Ошондо өлкөнү 30 жыл башкарган Омар Бешир кызматынан кетип, аскерлер бийлик аларга өткөнүн жарыялашкан. Андан кийин армия жана жарандык лидерлер бийликти бөлүштүрүү тууралуу макулдашышып, Судан демократиялык багытта кетет деген үмүт пайда болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG