Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:36

Пентагон талибдердин “ИМ” тобуна каршы күрөшүү кудуретинен күмөн санады


“Ислам мамлекети-Хорасан” тобу уюштурган Кундуздагы жардыруудан кийин. 8-октябрь, 2021-жыл
“Ислам мамлекети-Хорасан” тобу уюштурган Кундуздагы жардыруудан кийин. 8-октябрь, 2021-жыл

Пентагондун жогорку даражалуу өкүлү “Талибан” кыймылынын “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму менен күрөшүүгө дарамети канчалык экени азырынча анык эместигин билдирди.

АКШ коргоо министринин орун басары Колин Каль сенатта сүйлөгөн кезинде америкалык чалгын кызматтарына таянып, талибдер “Ислам мамлекети-Хорасан” тобун ооздуктоого кызыкдарлыгын, бирок чамасы жетеби деген маселени тактоо керектигин айтты. Сөз болгон террордук уюм “Талибан” Кабулдагы бийликти басып алгандан кийин бир нече кандуу кол салууну ишке ашырган.

Калдын айтымында, ал топтун Ооганстанда “бир нече миң” жоочусу бар.

"Алар АКШга каршы чабуулдарга азырынча бара албайт, бирок алты айдын ичинде күч топтошу ыктымал", - деп кошумчалады Пентагондун өкүлү.

Ооганстанда талибдер курган өкмөттө тышкы иштер министринин милдетин аткарган Амир Хан Муттаки буга чейин өлкө теракттардын аянтчасына айланышына жол берилбесин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG