Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:21

Консолидацияланган бюджеттин чыгаша бөлүгү 400 млрд. сомду түзөт


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Жогорку Кеңеш бүгүн, 27-октябрда “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады. Анда келерки жылы консолидацияланган бюджет 400 млрд. 700 млн. сомду түзөрү айтылды. Финансы министри Алмаз Бакетаевдин айтымында, мамлекеттик бюджет 302 млрд. 700 млн. сом, Социалдык фонддун кирешелери - 38 млрд. 400 млн. сом, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ФОМС) - 1 млрд. 900 млн., активдер жана милдеттемелер 54 млрд. 500 млн. сомду түзөт.

Ал эми чыгаша боюнча “консолидацияланган бюджет” 399 млрд. 700 млн. сом, Мамлекеттик бюджет 310 млрд. 800 млн. сом; Социалдык фонд - 40 млрд. 300 млн. сом;, ФОМС 1 млрд. 900 млн; активдер жана милдеттемелер - 46 млрд. 600 млн сом деп белгиленди.

Ошондой эле, республикалык бюджеттин кирешеси 279 млрд. 600 млн., чыгашасы 288 млн. сом 700 млн сом экени айтылды.

Министрлер кабинетинин түзүмү каралып жаткан учурда Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште бюджетти кескин көбөйтүп, 2024-жылга чейин 600 миллиард сомго жеткирүү убадасын берген. Жыл сайын тартыштык менен аткарылган бюджет жакынкы жылдары дароо көбөйүп, секирик болоруна экономисттер ишенбей турат. (КЕ/ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG