Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:05

Украин армиясы алгачкы жолу "Байрактар" дронунан сокку урду


Киевдеги аскердик парадга даярдык учуру. 18-август, 2021-жыл
Киевдеги аскердик парадга даярдык учуру. 18-август, 2021-жыл

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Түркияда жасалган “Байрактар” дрону биринчи жолу колдонулганын билдирди. Пилотсуз учак артиллериялык батареяга сокку уруп жатканы тартылган кадрлар 26-октябрда тарады. Маалыматка караганда, Орусияда чыгарылган артиллериялык курал жок кылынды.

"Би-Си-Си" жазгандай, украин армиясынын командачылыгы Донбасстагы жикчилердин аткылоосунан бир жоокер окко учуп, экинчиси жарадар болгонун билдирген.

“Сыягы, "Байрактар” дронун ошол чабуулга жооп иретинде колдонушкан",- деп айтылат жаңылыкта.

Киев сокку уруучу учкучсуз тактикалык жабдуулардын партиясын сатып алуу тууралуу келишимге 2019-жылдын башында кол койгон. Менчик “Байкар макина” компаниясы чыгарган ал дрондор төрт ракета менен жабдылып, асманда 24 саатка чейин уча алат, сегиз чакырымга чейинки бутага сокку урууга кудуреттүү.

Бир нече күн мурун Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев аскердик техниканы сатып алууга буюртма берилгенин билдирип, анын ичинде Түркиядан "Байрактардын” келиши күтүлүп жатканын айткан. (АА)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG