Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:40

Инандыга кыргыз паспортун берүү боюнча Мамкаттоонун мурдагы кызматкерине айып пул салынды


Дүйшөн Сатыбалдиев.
Дүйшөн Сатыбалдиев.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 20-сентябрындагы өкүмүнө ылайык, Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин мурдагы төрагасы Дүйшөн Сатыбалдиевге 260 000 сом айып салынды. Бул тууралуу 27-октябрда Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.

Сатыбалдиев 11-июлда Түркиянын жарандарына, анын ичинде 1-июнда Бишкектен уурдалып, бир айдан кийин Түркияда табылган "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыга кыргыз паспортун мыйзамсыз берген деген шек менен кармалган.

Сентябрь айында бул иштин алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге, мурдагы президенттин администрация башчысы Фарид Ниязовго, экс-вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашевге, Мамлекеттик каттоонун мурдагы жооптуу кызматкери Дүйшөн Сатыбалдиевге, Президенттин тышкы саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Сапар Исаковго, Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиевге жана дагы үч кызматкерге айып тагылган. Исаков менен Табалдиевге издөө жарыяланганын Бишкек шаардык милициясы билдирген.

9-июлда Ички иштер министрлиги кыргыз паспортун алган бардык чет өлкөлүк жарандар мыйзам чегинде текшерилерин билдирген. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG