Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:24

Ош мэринин шайлоо алдындагы эскертүүсү


Иллюстрациялык сүрөт. Ош шаарынын борбордук аянты, 6-октябрь, 2020-жыл.
Иллюстрациялык сүрөт. Ош шаарынын борбордук аянты, 6-октябрь, 2020-жыл.

Ош шаардык мэриясы парламенттик шайлоону таза, калыс өткөрүүнү убада кылууда. Мыйзам бузуулардын алдын алуу үчүн милициянын көзөмөлү күчөтүлгөнү айтылды. Ал эми жарандык коом өкүлдөрү мындай убадаларга карабай, чыныгы демократиялуу шайлоо болорунан күмөн санап турат.

Ош шаарындагы бардык тармактын жетекчилери, участкалык, аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, укук коргоо органдарынын башчылары катышкан жыйында шайлоону уюштуруу иши талкууланды.

Ош мэриясындагы жыйын
Ош мэриясындагы жыйын

Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Бакыт Алматовдун айтымында, азыртадан эле эреже бузууларга байланышкан даттануулар түшө баштады.

"Бизге келип түшкөн арызды каттап, Ички иштер министрлигине өткөрүп бердик. Учурда тергөө жүрүп жатат. Барпы мектебинде жайгашкан №5316 шайлоо участкасынын төрайымы менен катчыбыз ошол мектепте мугалим болуп иштейт. Аларга мектеп директору кысым көрсөтүп жатканын айтышкан. Азыр бул боюнча териштирүү жүрүүдө".

Төраганын айтымында, сегиз шайлоо участкасына куратор болуп дайындалган мамлекеттик кызматкерлер шайлоону уюштурууда жардам берүүдөн баш тартты. Мыйзам боюнча алар уюштуруу иштерине кол кабыш кылышы керектиги айтылды.

Ош мэриясындагы жыйынга катышкан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү
Ош мэриясындагы жыйынга катышкан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү

Ош шаарында шайлоону өткөрүү үчүн түзүлгөн штабда 43 киши бар. Анын төрагасы - мэр Алмаз Мамбетов. Ал административдик ресурс колдонуунун алдын алуу үчүн аймактык башкармалыктардын жетекчилерин ротация кылууну сунуштады:

Алмаз Мамбетов
Алмаз Мамбетов

"Дагы бир жолу айтайын, токтоткула! Бул жакка мени "шайлоону өткөрүү үчүн алып келди" деп айтып жатышат. Ооба, мени "шайлоону таза өткөрүп бер" деп алып келишти. Мен бир дагы партияга чуркабайм. Силерди да ошого үгүттөйм. Угулбайт, билинбейт деп ойлобогула. Маалыматтар күнүгө жетип турат. Ким чай бергени, кайсы үй башчы кимдикине барганы... Муниципалдык аймактык башкармалыктар, ротация кылып салгыла. Бүгүн ушуну карап чыгып, сунуштарды бергиле".

Мындан сырткары, мэр бир нече күн мурун Бишкек шаарында өткөн жыйынды эске салып, добуш берүүдө калыстыкты камсыздоо үчүн борбордон катуу тапшырма болгонун айтты. Президент Садыр Жапаров 21-октябрда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринин республикалык кеңешмесинде: "Мындан ары шайлоонун таза өтүшү баарыбыздан көз каранды. Бул багытта бардык жооптуу кызматкерлер өз милдеттерин так аткарып, мыйзам бузууларга жол бербешин талап кылам",- деп айткан.

Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы саясий өнөктүктө мыйзам бузууларды алдын алуу үчүн көзөмөл күчөтүлгөнүн эскертти. Тергөө бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Кадыров шайлоо өнөктүгүндө мыйзамсыз аракеттерди аныктоо үчүн бардык мүмкүнчүлүк колдонулат дейт.

"Кандайдыр бир административдик ресурс колдонуу же добуштарды сатып алуу боюнча маалымат келе турган болсо, биз ишти каттап, тыңшоо, байкоо жасап, тергөө амалдарын жүргүзө алабыз. Бул атайын тергөө аракеттери болуп эсептелет. Ага мыйзам тарабынан уруксат берилген".

Ош шаарындагы бир мандаттуу окуругга караган 55 шайлоо участогу бар. Ошентсе да шаардык мэрия жалпысынына 78 шайлоо учаскасында добуш берүүнү уюштурууга көмөктөшөт. Калаада жалпысынан 153 миңден ашуун шайлоочу катталган.

Акылай Каримова
Акылай Каримова

Буга чейинки шайлоолордогу мыйзам бузууларды сындап келген жарандык активист Акылай Каримова добуш берүүнүн калыс өтөрүнө ишенбей турат.

Анткени буга чейинки шайлоолордун алдында деле бийлик чоң убадаларды берип келген.

"Менимче, баягы эле көрүнүш кайра кайталанат. Бул шайлоодо добуш сатып алуу ыкмаларын партияларга караганда бир мандаттуу округдан ат салышып жаткандар көбүрөөк колдонушу ыктымал. Анткени, партиялар былтыркы шайлоодо акчасын сарптап салган. Партиялардын тизмесин жана өз алдынча талапкер болгондорду карасак, көбү бийликте жүргөндөр, акчалуулар жана парламенттин мурдагы эле депутаттары. Алар мурда кантип шайланды эле? Былтыр кандай мыйзам бузууларды жасашты эле? Бир жылда эле ойлору өзгөрүп, мыйзамды сыйлап калыштыбы? Менимче, андай эмес", - деди Каримова.

Кыргызстанда 28-ноябрда аралаш система менен парламенттик шайлоо өтөт. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, парламентте 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан келет.

Арыздарды карап, документтерди текшерүү жана талапкерлерди каттоо 28-октябрда аяктап, 29-октябрда үгүт иштери башталат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG