Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:26

Талант Мамытовдун шайлоодон четтешинин чоо-жайы


Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов.
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовду депутаттыкка талапкер катары каттоодон баш тартты. Буга Мамытовдун төрагалык кызматты тапшырбай туруп шайлоого аттанууга аракет кылганы себеп болду. Парламент төрагасы соңку чечим боюнча комментарий бере элек.

28-ноябрга белгиленген парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгүнө саналуу күндөр калганда Борбордук шайлоо комиссиясы талкууга түшкөн чечим кабыл алды. Комиссия 24-октябрдагы жыйынында Жогорку Кеңештин учурдагы төрагасы Талант Мамытовду "Ынтымак" партиясынын тизмесинен талапкер катары каттоодон баш тартты. Буга анын парламент төрагасы кызматын тапшырбай туруп, шайлоого катышууга арыз бергени себеп болду.

БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматовдун "Азаттыкка" билдиришинче, талапкер болууга арыз жазуудан мурун Талант Мамытов өз кызматын тапшырыш керек болчу:

"Парламенттик шайлоого катышуу үчүн талапкерлигин койгон саясий мамлекеттик кызматты ээлеген адам кызматын өткөрүп бериш керек болчу. Талант Мамытов кызматын өткөрүп бербегендиктен, Боршайком жумушчу топтун сунушун колдоп, аны каттабоо чечимин кабыл алды".

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча мыйзамдын 21-беренесине таянууда. Аталган беренеде мамлекеттик саясий кызматкер талапкер болуп көрсөтүлгөндөн тарта кызматын тапшырышы керектиги көрсөтүлгөн. Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы саясий кызматкерлердин тизмесине кирет.

Талант Мамытов 11-октябрда "Ынтымак" партиясынын тизмесинен парламент депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн. Саясий чөйрөдө бул партияны бийликке лоялдуу күч катары сыпаттап келишет.

Борбордук шайлоо комиссиясынын соңку чечими боюнча Талант Мамытов комментарий бере элек. Ал тизмеге кирген "Ынтымак" партиясы болсо БШКнын чечимин сынга алып, аны шашылыш жана мыйзам нормаларын бузду деп сыпаттады.

"Соңку жагдайда БШК өз ыйгарым укуктарынан аша чаап, мыйзамды өзү билгендей чечмелеп, тандалма мамиле жасады. БШКнын логикасына таянсак, парламент комитеттеринин төрагасы жана орун басарлары деген шайланма кызматтарга да суроо жаралат. Биз Жогорку Кеңешке шайлоо кампаниясы БШКнын бардык талапкерлер жана партияларга бирдей шарт түзүп берерине күмөн жараткан чатак менен башталганына тынчсызданабыз. "Ынтымак" партиясы бул чечимдин артында БШКнын мүчөлөрүнө басым жасаган айрым саясий күчтөр жана адамдар турбайт деп үмүттөнөбүз",- деп айтылат билдирүүдө.

Ошентип, өлкөдөгү бийлик бутактарынын биринин башчысынын шайлоого катышары арсар болуп турат. Мындай кырдаал учурдагы бийликтин шайлоону калыс өткөрүү ниетин коомго көрсөтүү аракети катары түшүндүрүлүүдө.

Анткени, Талант Мамытов азыркы президент Садыр Жапаровго ынак адамдардын бири. Ал спикерлик кызматка былтыр октябрдагы бийлик алмашуудан соң келип, Жапаровдун саясатын активдүү колдоп келет. Дал ушундай президентке ылым санаган саясатчыны шайлоо оюнунан четтетүү - бийликтин "өзгө, жатка карабай эреженин негизинде шайлоо өткөрөбүз" деген ниетин шардана кылуу экенин белгилегендер бар.

Маселен, бир мандаттуу округдан талапкер катары бара жаткан Мавлян Аскарбеков бийлик бул позициясын аягына чейин карманса дейт.

"Талант Мамытов токтомбу, буйрук чыгарыппы "мен кызматтан кеттим" деген документти убагында БШКга өткөрүшү керек эле. Бирок унутуппу же башка себептер менен бул ишти аткарбай койгону үчүн БШК каттабай койду. Бул жагдай азырынча мыйзам толугу менен сакталып жатат деген ишенимди жаратты. Эми аягына чейин ушундай позицияны карманып, баарына бирдей шарт түзүлүшү керек".

Азырынча Талант Мамытовдун мындан аркы кадамдары белгисиз болуп турат. Ал БШКнын чечиминин үстүнөн сотко кайрылабы жана сот чечими кандай болору беймаалым.

Элдик толкундоолорго алып келген былтыркы шайлоодо дал ушул Талант Мамытов мүчө болгон "Кыргызстан" партиясын БШК каттабай коюп, кийин сот аны калыбына келтирген эле.

Ошентсе да, бийликтин бир бутагынын башчысынын парламент кабыл алган чечимди сактабай, саясий жараяндан чыгарылганы өзүнчө талкууга түшүүдө. Анткени, мыйзам чыгаруу органынын жетекчиси өзү баш болуп эрежени так аткарышы керек болчу деген пикирлер айтылууда.

Саясий эксперт Игорь Шестаков соңку окуя жалпы парламенттин кадыр-баркына көлөкө түшүрдү деген пикирде.

"Парламент төрагасы өздөрү кабыл алган мыйзамдарды билбей калат деген болбошу керек. Бул нерсе акылга сыйбайт. Чынын айтканда, Мамытов социалдык тармактагылардын сөзү менен айтканда, акыркы аракети менен "мэмге" айланчу эле кырдаалга туш болду".

45 жаштагы Талант Мамытов акыркы 10 жылдан бери саясатта жүрөт. Кесиби боюнча юрист. Кесиптик жолун прокуратура органдарында иштөөдөн баштап, 2010-жылы "Ата Журт" партиясы менен парламент депутаттыгына шайланган. 2012-жылы Кумтөр кени боюнча митингге Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев менен бирге катышып, кийин камалып чыккан. 2015-жылы "Республика - Ата Журт" партиясынан экинчи ирет депутат болгон, былтыр жыйынтыгы жокко чыккан шайлоодо "Кыргызстан" партиясы менен катышкан.

Былтыр октябрда бийлик алмашкан соң Садыр Жапаровдун жакын адамдарынын бири катары парламент төрагалыгына шайланган эле. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өткөнү жатат.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG