Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Шайлоо: парламент үгүт учурунда ишин улантат


Жогорку Кеңештин имараты.
Жогорку Кеңештин имараты.

Жогорку Кеңештин депутаттары парламенттик шайлоонун үгүт маалында дагы иштей турган болду. 20-октябрдагы жыйында депутаттар бир ай бою парламент имаратынан тышта - шайлоочулар менен иштейт деген токтом долбоору колдоо тапкан жок. Парламенттин үгүт учурунда иштеши, шайлоого аттанган депутаттар парламент трибунасын шайлоо кампаниясына колдонушу мүмкүн деген сөздөрдү жаратууда. Ал ортодо парламенттин төрагасы жана вице-спикерлери жөнүндө маселе жаралды.

Жогорку Кеңештин депутаттары парламенттик шайлоонун үгүт маалында дагы иштей турган болушту. Мурдагы парламенттик шайлоолордун астында Жогорку Кеңеш отурумун убактылуу токтотуп келген. Үгүт иштери башталарга аз калгандыгына байланыштуу бул тууралуу токтом 20-октябрында добушка коюлуп, талаш-тартыш жаратты.

Бир катар депутаттар үгүт маалында парламенттин ишин токтотууга каршы чыгып, токтом четке кагылды.

"Жаңы депутаттар келди, шайлоого аттанбаган депутаттар бар. Жогорку Кеңеш ар түрдүү маселени карап туруш керек. Чек ара, коопсуздук боюнча маселе чыгып кетет. Арабызда ууру-кески депутаттар бар. Эртең шайлоого барып уурулук кылат. Түнү менен шайлоо мафияларын уюштурат. Ошондо депутаттар карап туруш керек деп ойлойм. Алдыда кыш келе жатат. Министрликтер шайлоого кетип калбаш үчүн парламент карап туруш керек”, - деди депутат Шайлообек Атазов.

Анткен менен депутат Рыскелди Момбеков эгер парламент үгүт маалында ишин уланта турган болсо жаңы төрага, төраганын жаңы орун басарлары шайланышы керектигин билдирди.

“Урматтуу депутаттар, бир нерсени ойлосоңуздар. Төрагабыз Талант Мамытов шайлоого катышып жатат, эртең кызматтан кетет. Орун басары Нурбек Сыдыгалиев кызматтан кетти. Эртең дагы бир орун басары Аида Касымалиева БУУга кетет”.

Буга чейин вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев парламенттик шайлоого бараткандыгына байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Бирок Жогорку Кеңештеги ишенимдүү булактардан Сыдыгалиев вице-спикерликтен кете электиги белгилүү болду. Ал кызматын тапшыруу тууралуу "Фейсбук" баракчасына жазган билдирүүсүн өчүрүп койгон. Телефон чалууга жооп берген жок.

Адатта мыйзам боюнча президент жана депутаттар шайлоого катышса, мандатын тапшырбайт. Бирок 2021-жылы жаңы кабыл алынган мыйзамга ылайык саясий мамлекеттик кызматты ээлегендер шайлоого катышса, кызматтан кетиши керек.

Депутат Дастан Бекешев төрага Талант Мамытов боюнча талаштуу жагдай жаралып калышы мүмкүн экенин айтты.

“Талант Мамытов төрага катары жакшы эле иштеп жатат. Бирок бирөө сотко бериши мүмкүн. Президенттин жарлыгы менен бекитилген атайын мамлекеттик кызматтын реестри бар. Ошол жерде Жогорку Кеңештин төрагасы, орун басарлары саясий мамлекеттик кызмат катары көрсөтүлгөн. Бирок шайлоо жөнүндөгү Конституциялык мыйзамда "президент менен депутаттар шайлоо учурунда кызматтан кетпейт" деп так жазылып турат. Ошондуктан бул маселени сот чечет го. Төрага менен вице-спикерлер шайлоо учурунда кызматтан кетпейт деген президенттин жарлыгы чыгышы мүмкүн деп угуп жатам. Ал кандай болот көрөбүз”.

Парламенттин төрагасы Талант Мамытов “Ынтымак”, вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев "Ишеним" партиясынын тизмеси менен шайлоого бара жатат.

Ал эми төраганын башка орун басары Аида Касымалиева Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү кызматына көрсөтүлгөн. Жогорку Кеңештин тармактык комитети колдогон Касымалиева Нью-Йоркко учуп кетүү үчүн президенттин кол коюсун гана күтүүдө.

Парламенттик шайлоого талапкер болуп чыккан башка дагы мамлекеттик кызматкерлер кызматтарынан тапшырууда. Мисалы мурдагы Акыйкатчы Токон Мамытов, мурдагы инвестиция министри Алмамбет Шыкмаматов кызматтарынан кетишти.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов Жогорку Кеңештин төрагасы жана орун басарларына байланыштуу маселе бир-эки күндүн ичинде чечилерин билдирди.

“Азыр мамлекеттик кызматтын реестрин карап жатабыз. Бул маселе күн тартибинде турат. Бүгүн-эртең чечилет”.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы мыйзам боюнча төрага шайлоо учурунда кызматтан кетпей турганын билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Ишенбай Кадырбеков парламенттин жетекчилеринин шайлоо алдында кызматтан кетип-кетпеши моралдык гана нерсе экенин айтат.

Ишенбай Кадырбеков
Ишенбай Кадырбеков

“Жогорку Кеңештин төрагасы жана орун басарлары депутат. Шайлоо учурунда аларды депутат катары караш керек. Ал эми жолду берип коюш керек деген мыйзамдык эмес моралдык жагы гана. Президент менен депутат шайлоого чыкканда кызматтан кетпейт деп көрсөтүлгөн”.

Кыргызстанда буга чейин парламент төрагасы жана орун басарлары кызматтан кетпей туруп шайлоого катышып келген. Мисалы 2015-жылы Асылбек Жээнбеков, 2020-жылы Дастан Жумабеков парламент төрагасы болуп туруп шайлоого катышкан. Бирок ал мезгилде "саясий мамлекеттик кызматкерлер шайлоодо кызматтан кетиш керек" деген норма жок болчу.

"Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова парламенттин үгүт маалында дагы иштөө себебин депутаттардын кызыкчылыгы бар мыйзамдарды кароо менен байланыштырды.

“Мыйзам боюнча парламент ишин токтотсун деген берене жок. Бирок депутаттардын көбү шайлоого кеткендиктен ишти токтотчу. Азыр деле депутаттардын көбү шайлоодо болот. Өткөндө президент сүйлөгөндө деле аз киши отурду. Шайлообек Атазовдой болуп бир канча компьютерди баскылайбыз деп аткан го. Менин оюмча иштейбиз деген депутаттардын өздөрү сүрөгөн мыйзамдары бар. Азыр кандай мыйзамдар кабыл алынып жатат эч ким билбей эле да. Үч окуудан бир учурда өткөрүп, акылга сыйбаган мыйзамдар кабыл алынып жатпайбы. Жаңы парламент келгенче ошолорду кабыл алып алалы деп жатышат”.

20-октябрда саясий партиялардын Жогорку Кеңештин депутаттыгына партиялык тизме менен бара турган талапкерлерди сунуштоо мөөнөтү аяктады. Бул аралыкта 54 талапкерден ашпаган тизмени 21 саясий партия берди. 29-октябрга чейин БШКда алардын документтери текшерилет.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниети менен БШКга 381 адам кайрылган. 341и 150 миң сомдук шайлоо күрөөсүн төккөн.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG