Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:10

Анарбек Калматов Ырайым кылуу комиссиясынын жооптуу катчысы болду


Анарбек Калматов.
Анарбек Калматов.

Анарбек Калматов президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү кызматынан бошотулуп, президенттик администрациянын Ырайым кылуу комиссиясынын жооптуу катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгонун президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Калматов экс-президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда аталган комиссиянын жооптуу катчысы болуп иштеген. Ал президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп 2021-жылдын 27-ноябрында дайындалган болчу.

Ырайым кылуу комиссиясынын буга чейинки жооптуу катчысы Таалайбек Апеновду соттолгон адамды ырайым алчулар тизмесине киргизүү үчүн 170 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалганын 18-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) маалымдаган. Аны президент Садыр Жапаров 26-октябрда кызматынан бошоткон. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG