Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Шайлоо: Талапкер Равшан Жээнбековдун соту жылды


Равшан Жээнбеков Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратында.
Равшан Жээнбеков Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратында.

Парламенттик шайлоого талапкер болуп катталган камактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун үгүт жүргүзүү маселеси чечиле элек.

Талапкерди убактылуу абактан бошотуу боюнча 1-ноябрга белгиленген сот жараяны 3-ноябрга жылды. Бул оппозициядагы саясатчыга атайы бут тосуу аракети деген пикирлерге жем таштады.

"Талапкер катары укугу чектелип жатат"

Үгүт өнөктүгү башталганына төрт күн болсо да, абакта жаткан Равшан Жээнбеков талапкер катары үгүт жүргүзүү укугун колдоно элек. Ушундан улам адвокаты анын бөгөт чарасын өзгөртүп, камактан бошотууну өтүнүп сотко кайрылган. 1-ноябрга белгиленген сот жараяны "судья ооруп калды" деген негиз менен 3-ноябрга калды.

Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров 1-ноябрда сот имаратынын алдына Равшан Жээнбековдун бошотулуусун талап кылып, пикетке чыкты. "Равшан Жээнбековдун орду абакта эмес, парламентте!", "Равшан Жээнбеков - саясий туткун" деген жазуусу бар плакаттарды кармаган укук коргоочу сот жараяны болбой калганын саясатчыга бут тосуу катары сыпаттады:

Өндүрүш Токтонасыров.
Өндүрүш Токтонасыров.

"Бир нече убактан бери "саламаттыгы начар, дарыланууга муктаж" деп дарыгерлер далилдеп жатканына карабай, Жээнбеков абакта кармалып турат. Ал эми судья бир эле күн ооруп калса, сотту жылдырып салышты. Келип, эки сааттык жараянды өтүп кетүүгө неге болбосун. Ошондуктан, мен бул соттун жылдырылышын бийликтин атайын көрсөтмөсү деп түшүнөм".

Кой-Таш окуясы боюнча шектүү катары камакка алынган Равшан Жээнбеков Бишкектеги №16 Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп, 27-октябрда катталган. Шайлоо тууралуу мыйзамдарга ылайык, ал талапкер катары үгүт иштерин жүргүзүүгө укуктуу.

Парламенттик шайлоого үгүт өнөктүгү 29-октябрда башталган. Дагы бир укук коргоочу Динара Ошурахунова соттун создуктурулушу - саясатчынын талапкерлик укугун чектеп жатат деп эсептейт.

Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

"Борбордук шайлоо комиссиясы Равшан Жээнбековду шайлоого катышууга укуктуу деп, аны талапкер кылып каттады. Эгер кандайдыр бир күнөөсү болсо, катталбайт эле. Демек, аны абакта кармоого негиз жок. Бирок сот создугуп жатат. Жараян созула берсе, анын талапкер катары укугу бузулуп, мүмкүнчүлүгү чектелип жатат".

Президент Садыр Жапаров 22-октябрда жергиликтүү бийлик жетекчилерине кайрылып, "Кыргызстанда шайлоону дүйнө таң калгыдай кылып таза өткөрүүгө" чакырган. Жогорку Кеңешке шайлоого аралашкан мамлекеттик кызматкерлер жумуштан эле алынбастан, жоопкерчиликке да тартылат деп убада берген.

Президенттин басма сөз кызматы Равшан Жээнбековдун бөгөт чарасын караган сот ишинин жылып кетиши тууралуу төмөнкүдөй комментарий берди.

"Соттор - көз карандысыз бийлик бутагы, алардын ишмердүүлүгүнө эч ким кийлигише албайт".

Абакта отурган адамдын шайлоого катышып, талапкер болуп катталышы Кыргызстанда сейрек окуя. Анткени, буга чейинки шайлоолордо абакта отурган саясатчылардан талапкер болууга арыз берип, бирок арызы канааттандырылган учурлар дээрлик жокко эсе. 2000-жылы саясатчы Ишенбай Кадырбеков парламенттеги "чыпалак чыры" үчүн кылмыш ишинин айынан үй камагында отуруп, Нарындагы бир мандаттуу округдан жеңишке жеткен.

Шайлоо штабы үгүт жүргүзүүгө даяр

Бул аралыкта талапкер Равшан Жээнбековдун шайлоо штабы түзүлгөнү кабарланды. Анын жардамчысы Айсулуу Кудайбердиева "Азаттыкка" билдиргендей, штаб талапкерди үгүттөө иштерин жүргүзүүгө даярдык көрүүдө:

"Бардык эле талапкерлер сыяктуу бизде да атайын ишенимдүү адамдар бар. Алар штаб түзүштү, үгүт иштерин жүргүзүүнү баштап жатабыз. Соцтармактарда, маалымат каражаттарында жана шайлоочуларга маалымат берип, үгүт иштерин жүргүзүүгө даярдыктар көрүлүп жатат. Албетте, өзү чыгып калса, шайлоочулар менен өзү жолукканы жакшы. Коомчулук билет, Равшан Жээнбеков саясий туткун катары камакта отурат. Бирок ал талапкер болуп катталган соң, бардык башка талапкерлер менен бирдей укукта үгүт иштерин жүргүзүүгө акылуу".

Равшан Жээнбеков өзүнө карата кылмыш ишин саясий куугунтук катары атап келет.

Бирок президент Садыр Жапаров 23-сентябрдагы маалымат жыйында Жээнбековду саясий куугунтукка туш болду деп эсептебей турганын билдирген.

"Мен саясий куугунтук деп эсептебейм. Анткени, ар бир адам өз кылганы үчүн жооп бериши керек. Мурдагы президент чакырып алып, "тигини кама, муну жап" деген заман жок. Азыр система иштеп жатат. Милиция менен коопсуздук кызматы өздөрүнүн милдетин аткарып жатат. Эгер "бийликти кулаталы" деп чакырык жасап атса, анда чакырып, сурайт, камайт. Күч түзүмдөрү ишин кылсын. Система, мыйзам иштесин. Мен деле сиз сыяктуу соцтармактардан "камалып калды, саясий туткун" дегендерди окуп калам. Анан сурайм, "не камадыңар?" десем, мага себебин айтышат. Мурда президентти карап "эмне кылалы" деп отурушчу, азыр андай жок. Мындан ары да андай болбойт".

51 жаштагы экс-депутат Равшан Жээнбеков 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча шектүү катары камакта отурат. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери менен бирге "Альфа" кызматкерлерин барымтага алуу, жапырт башаламандыкты уюштуруу, бийликти күч менен басып алууга далалат жасоо сыяктуу жети берене боюнча айыпталып жатат.

Жээнбеков 2019-жылы камакка алынып, 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин үй камагына чыгарылган. Мындан соң президенттикке талапкер катары катышкан. Бирок быйыл август айында үй камактын шартын бузду деген негизде кайрадан камакка алынган. Равшан Жээнбеков өзүнө карата кылмыш ишин саясий куугунтук катары атап келет.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG