Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Акыйкатчы кеңсеси Равшан Жээнбеков боюнча сотко өтүнүч келтирди


Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун Равшан Жээнбековдун ишин карап жаткан судьясына Акыйкатчы кеңсеси өтүнүч менен кайрылганын аталган мекемеден кабарлашты.

Акыйкатчы аппаратынын өкүлдөрү 28-октябрда Кой-Таш окуясы боюнча шектүү катары камактагы Равшан Жээнбековго жолугуп чыккан. Равшан Жээнбеков ага карата бөгөт чарасын өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн, медициналык текшерүүдөн өтүү жана дарылануу үчүн Кыргызстандан чыгып кетүү жагдайларын кароо боюнча кайрылгандыктан, Акыйкатчы аппараты сотко өтүнүч кат жөнөткөн.

"Цадмир" гепатологиялык борбору Рашан Жээнбековго боордун II, III даражадагы фиброзу диагнозу коюлган – бул оору күчөсө, циррозго алып келиши мүмкүндүгү айтылган. Ага кошумча дарыгерлердин текшерүүсүнөн өтүү зарыл экенин, Жээнбековдун арызын кароодо жогоруда көрсөтүлгөн жагдайларды эске алууну соттон өтүнгөн.

Равшан Жээнбеков "Кой-Таш окуясы" боюнча кылмыш ишинде фигурант катары өтүүдө. Ал 2019-жылы камакка алынып, 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин абактан бошотулган. Бирок ушул жылдын август айында кайрадан камакка алынган. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG