Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:18

Тбилиси: Саакашвили түрмөдөн жеке ооруканага которулбайт


Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвилини полиция кармап баратат. 1-октябрь, 2021-жыл.
Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвилини полиция кармап баратат. 1-октябрь, 2021-жыл.

Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили түрмөдөн жеке ооруканага которулбайт. Бул тууралуу өкмөт башчы Ираклий Гарибашвили 29-октябрда телеканалдардин бирине курган маегинде билдирди. Ал мындай чечим баш калаа Тблисиде "башаламандык" жаратышы мүмкүн экенин айтты.

"Саакашвилинин тарапташтары жеке клиниканын алдында миңдеген адамдарды топтоону пландап жатышат. Биз анда полиция чакырып, курал колдонушубуз керек болот. Мунун баары мамлекеттик башаламандык жаратат", - деди Гарибашвили.

Ал ошондой эле, мындай кырдаал коронавирус пандемиясын оорлоштурарын да кошумчалады.

Гарибашвили анын өкмөтү Саакашвилини мөөнөтүнөн мурдай бошотпой турганын жана Украинага экстрадициялабастыгын билдирди.

Грузиянын бийлиги билдиргендей, Саакашвили "чек арадан мыйзамсыз өттү" деген кине менен 1-октябрда камалган. 53 жаштагы саясатчы Грузияга кайтып келгенин жарыялагандан кийин бир нече саат өтпөй кармалышынын саясий мүдөөсү бардыгын айтууда. Ал дароо ачкачылык жарыялаган. Соңку күндөрү адвокаттар Саакашвилинин саламаттыгы кескин начарлап кеткенин билдиришти.

Саакашвилинин камалышы Грузиядагы саясий кризисти дагы курчутуп жиберди. Ал 2004-2013-жылдары Грузияны башкарып турган. 2018-жылы эки башка иш боюнча сегиз жылга сыртынан кесилген. Саясатчы ага тагылган күнөөлөрдү мойнуна алган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG