Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 04:38

Ирандын тышкы иштер министри коронавируска кабылды


Хосейн Амир-Абдолахян. 18-октябрь, 2021-жыл

Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдолахян COVID-19га кабылды. Тышкы саясий мекеменин басма сөз катчысы министрдин "абалы жакшы, ишин обочодо улантууда" деп билдирди.

1-ноябрда министрлик Амир Абдолахян айдын аягында эки өлкөнүн биргелешкен экономикалык комиссиясынын ишине катышуу үчүн Индияга барарын маалымдаган. Ислам жумуриятынын бир катар жогорку өкүлдөрү коронавирус жугузуп алышкан.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө COVID-19 илдетинин 6 миллиондой учуру катталган. Бул жагынан Иран Жакынкы Чыгышта биринчи орунда турат. 84 миллион калктын 45% жакыны гана толук эмделген. Абал өзгөчө өткөн августта, вирустун дельта штаммы тараганда курчуп кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG