Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:43

"Азаттыктын" мөңгүлөрдүн эришин чагылдырган тасмасы Глазгодо көрсөтүлөт


"Азаттыктын" журналисттери Ысык-Көлдөгү Кара-Баткак мөңгүсүндө, 4-июль, 2021-жыл.
"Азаттыктын" журналисттери Ысык-Көлдөгү Кара-Баткак мөңгүсүндө, 4-июль, 2021-жыл.

1-ноябрда Глазгодо башталган дүйнө лидерлеринин климаттын өзгөрүүсү боюнча саммитинде Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Казакстан Борбор Азия чөлкөмүн чогуу тааныштырган атайын павильон уюштурулду. Анын ачылышында Казакстандын Эл аралык жашыл технологиялар жана инвестициялык долбоорлор борборунун төрагасы Данияр Еренчиев сөз сүйлөдү.

Ал Глазгодо Борбор Азия мамлекеттери климаттын өзгөрүшүн токтотуп, зындуу газдарды азайтуу үчүн "Беш өлкө - бир чөлкөм - бир добуш" деген позицияда экенин билдирди. Бул павильондо Борбор Азиянын экосистемасы тууралуу маалымат берилип, ошондой эле “Азаттык” тарткан мөңгүлөрдүн эришин чагылдырган даректүү тасма көрсөтүлөт.

Климат: 50 жылда майда мөңгүлөр жоголот
please wait

No media source currently available

0:00 0:20:40 0:00

БУУнун климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу 26-конференциясы 1-ноябрда башталды. 2-ноябрда президент Садыр Жапаров атайын кайрылуу менен чыгып сүйлөдү. Ал Борбор Азиядан бул саммитке барган жалгыз лидер. Иш-чарага 30 миңдей киши, ар кайсы мамлекеттердин 100дөй лидери катышууда. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG