Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Климаттын өзгөрүүсүн токтотууга багытталган 100 млрд. долларды жакыр өлкөлөр пайдалана алат


Глазго шаары.

Шотландиянын Глазго шаарында өтүп жаткан климаттын өзгөрүшүнө арналган COP26 саммитине төрагалык кылып жаткан Алок Шарма Париж келишимин ишке ашырууну каржылоого убада берген өлкөлөрдү атады.

Дүйнө лидерлерине климаттык өзгөрүүгө каршы күрөшкөн жаштар, ишкерлер жана түптүү улуттар да кайрылып, планетадагы абанын температурасын 1,5 градустан ашырбоого чакырышты.

Төрага Алок Шарма Британия, Германия, Канаданын бийлигине кайрылып, 100 миллиард доллардык каржылоо программасын баштоонун зарылдыгына токтолду. Бул үчүн өнүккөн өлкөлөрдүн лидерлерине саясий эрк керек экенин баса белгиледи.

Климаттык өзгөрүүдөн жабыр тарткан өлкөлөр бул каражаттан алып жашыл экономикага өтүүгө даярдана алышат.

Улуу Британиянын өкмөт башчысы Борис Жонсон Clean Green Initiative демилгесинин алкагында өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн инфратүзүмүнө жашыл технологияларды киргизүү мерчемделгенин билдирди. Анын алкагында Африка, Индияга жалпы суммасы үч миллиард доллардык инвестиция 2030-жылга чейин жасалат. Британиянын CDC каржылык өнүгүү институту алдыдагы беш жылда климаттык өзгөрүүнү токтотууга үч миллиард фунт стерлинг каражат бөлөт. Анын алкагында капиталы 200 миллион фунт стерлинг болгон Климаттык инновациялар фонду түзүлөт.

2-ноябрда БУУнун климаттык өзгөрүүсү боюнча дүйнө лидерлеринин саммити уланууда. Президент Садыр Жапаров анда кайрылуу жасайт. Ал 1-ноябрда Канаданын өкмөт башчысы Жастин Трюдо, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди баштаган бир нече дүйнө лидерлери жана эл аралык каржылык уюмдун жетекчилери менен жолукту.

Садыр Жапаров БУУнун климаттын өзгөрүүсү боюнча 26-саммитине Борбор Азиядан барган жалгыз лидер. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG