Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:35

БШК Талант Мамытов боюнча Жогорку сотко кайрадан кайрылат


Талант Мамытов.
Талант Мамытов.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку соттун административдик иштер боюнча коллегиясынын мурдагы төрага Талант Мамытовдун иши боюнча өтүнүчүн артка кайтарганы боюнча комментарий берди. Боршайкомдун мүчөсү Узарбек Жылкыбаев юрист Медина Кутбердиевага БШКнын ишенимдүү каты туура эле берилгенин белгиледи:

"Биздин юристке берилген ишенимдүү кат туура эмес берилген дегендей кылып жооп беришиптир. Бирок юрист февраль айынан бери эле бардык соттук териштирүүлөрдө ушундай эле ишеним кат менен катышып келе жатат. Эгер туура эмес берилген болсо, тууралап туруп, кайра эле беребиз".

Жылкыбаев мурдагы төрага Талант Мамытовду депутаттыкка талапкер кылып каттабоо боюнча боршайкомдун позициясы өзгөрбөсүн кошумчалады.

Жогорку соттун административдик иштер боюнча соттук коллегиясы Талант Мамытовдун талапкерлигине байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) арызын 2-ноябрда карап, артка кайтарган. Жогорку соттун басма сөз кызматы БШКнын кассациялык даттануусу Административдик процессуалдык кодекстин талаптарына жооп бербейт деп маалымдаган.

24-октябрда Боршайком Талант Мамытовду парламенттик шайлоого талапкер кылып каттоодон баш тарткан. Бишкектин административдик соту 28-октябрда БШКнын чечимин жокко чыгаргандан кийин Жогорку сотко арыз жолдонгон.

Быйыл кабыл алынган Шайлоо жөнүндөгү жаңы Конституциялык мыйзамга ылайык, шайлоого бараткан мамлекеттик кызматкерлер жумуштан кетиши керек. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы парламент төрагасы кызматын тапшырбай туруп шайлоого барса болот деп билдирген.

Мамытов “Ынтымак” саясий партиясынын тизмеси менен шайлоого аттанган.
28-октябрдан баштап парламент спикеринин милдетин Аида Касымалиева аткарууда.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда болот. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG