Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:39

Варшава Минскиден чек арадагы окуя боюнча түшүндүрмө талап кылды


Польша менен Беларустун чек арасы. 25-октябрь, 2021-жыл
Польша менен Беларустун чек арасы. 25-октябрь, 2021-жыл

Варшава Беларустан куралдуу адамдардын Польша аймагына кирип келишине байланыштуу түшүндүрмө талап кылды.

Маалыматка караганда, окуя 2-ноябрга караган түнү Беларус менен чек арага 300 метр жакын жерде болду. Поляк аскерлери куралчан үч адамды байкашкан. Польшанын коопсуздук кызматы маалымдагандай, ал адамдар аскерлерди көргөндө, куралдарын октоп, кийин "беларус тарапка жол тартышкан".

Поляк тышкы иштер министринин орун басары Петр Вавжик Беларустун дипломатиялык миссиясынын жетекчиси Александр Чесновский менен жолугушууда нота жиберилерин айтты. Вавжик "беларус бийлигинин акыркы жумалардагы аракеттеринде абалды атайлап курчутуунун белгилери бар" деп билдирди.

Польша, Литва жана Латвия быйылкы жайдан бери Беларус менен чек арада миграциялык кризиске туш болуп келатышат. Еврошаркет жана сөз болгон өлкөлөр беларус бийлигин Жакынкы Чыгыштан мигранттарды атайлап чек арага алып келип жатат деп айыптоодо.

Беларусту 27 жылдан бери башкарып келаткан Александр Лукашенко Евробиримдиктин чыгыш дарбазасын буга чейин тосуп келгенин, эми тоспой турганын айткан.

Шаркет былтыркы президенттик шайлоонун жыйынтыгы бурмалангандан кийин Беларуска каршы санкцияларды киргизген.

XS
SM
MD
LG