Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:09

Коопсуздук кеңешинин катчысы кызмат адамдары үгүткө аралашканын айтты


Коопсуздук кеңешинин шайлоо боюнча жыйыны.
Коопсуздук кеңешинин шайлоо боюнча жыйыны.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов айрым мамлекеттик кызматкерлер тарабынан мыйзам бузуу фактылары жана алардын үгүт иштерине аралашкан учурлары бар экенин билдирди. Бул тууралуу Иманкулов 3-ноябрда Жогорку Кеңештин шайлоосуна даярдык боюнча өткөргөн жыйында айтты.

Иманкулов мамлекеттик органдар таза шайлоолорду өткөрүүгө болгон күч аракетин жумшап, мыйзам бузууларга ыкчам реакция кылып, тийиштүү чаралар көрүлүшү керек экенин белгиледи. Ал президенттин шайлоону таза өткөрүү боюнча жарлыгын эске салып, “мугалимдер, студенттер, дарыгерлерди жана башка мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлерди шайлоодогу үгүт иштерине тартууга жол берилбейт” деди.

Жыйынга мамлекеттик бардык органдар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов парламенттик шайлоону уюштуруу, таза өткөрүү маселеси боюнча республикалык шайлоо штабынын жетекчиси болуп дайындалган.

Буга чейин айрым оппозициялык маанайдагы саясатчылар бийликке ыктаган бир нече партия шайлоого баратканын айтып чыккан.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат, беш жылдык мөөнөткө шайланат. 90 депутаттын 54ү партиялык тизмеден, 36сы бир мандаттуу аймактардан шайланып келет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG