Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:32

Кара-Кече көмүр кенинде жер көчүп, экскаваторду басып калды


ӨКМ тараткан сүрөт.
ӨКМ тараткан сүрөт.

Жумгал районундагы Кара-Кече кенинде 3-ноябрда жеке ишканалардин бири көмүр казган жайда жер көчүп, бир экскаваторду басып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Мекеме кырсык болгон учурда экскаватордун айдоочусу болбогонун, учурда көчкүнүн көлөмү такталып жатканын билдирди.

Кырсык болгон жерде Жарандык коргонуу комиссиясы жана ӨКМдин кызматкерлери тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.

Социалдык тармактарда тараган видеодо “тоо көчтү, бир топ жерди басып калды” деп кишинин сүйлөп жатканын угууга болот.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 18-октябрда Кара-Кече көмүр кениндеги иш менен таанышып, коопсуздук маселесин көтөргөн.

Кара-Кечеде мамлекеттик көзөмөл жетишсиз болуп, криминалдык топтордун таасири күчтүү экени бир канча жылдан бери айтылып жүрөт. Буга чейин "Кыргызкөмүрдүн" "Кара-Кече" филиалын "Альфанын" 12 аскери кайтарып жатканы белгилүү болгон. Алар күз жана кыш мезгилинде көмүр кендеги коопсуздукту камсыз кылып турары айтылган. 14-октябрда эле Кара-Кече көмүр кенинде чыккан чырды милиция териштирип жатат.

Деңиз деңгээлинен 2800 метр бийиктикте жайгашкан Кара-Кече көмүр кени 1913-жылы ачылган.

Кыргызстан боюнча жалпысынан 3 млн. ашык тонна көмүр керектелет. Анын ичинен калкка 1 млн. тоннадан ашуун, Бишкек ЖЭБине 1,5 млн. ашуун сарпталат.

Республика боюнча көмүр казган 70тен ашуун компания бар. Туруктуу иш алып барган компаниялардын саны кыркка чукул. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG