Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:52

Кара-Кечеде дагы жер көчтү


Кара-Кечеде кырсык болгон жер.
Кара-Кечеде кырсык болгон жер.

Жумгал районундагы Кара-Кече кенинде 3-ноябрда жеке ишканалардын бири көмүр казган жайда жер көчүп, бир экскаваторду басып калды. Жылган кыртыштын болжолдуу көлөмү 30 миң куб метрге чамалуу экени айтылып жатат. Бул жагдай элге көмүр тартуу ишин үзгүлтүккө учуратпайбы деген чочулоону жаратты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) тараткан маалыматка ылайык, 3-ноябрда түшкө маал Кара-Кечедеги №27 тилкесинде иштеп жаткан “Кор-Дрилинг Интер-Прайзер” аттуу жеке ишканасы көмүр казган жайда жер көчүп, бир экскаваторду басып калган.

Мекеме тараткан сүрөттө көчкүнүн алдында калган техниканын бир учу гана сыртта калганын көрүүгө болот. Кырсык болгон учурда экскаватордун айдоочусу ал жерде болгон эмес.

Кырсык болгон жерге Жумгал райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жана ӨКМдин ыкчам тобу тартылган. Тазалоо иши “Кор-Дрилинг Интер-Прайзер” жеке ишканасына жүктөлгөн.

Кырсык болгон жерден тартылып, социалдык тармактарда тараган видеодо “тоо көчтү, бир топ жерди басып калды” деп кишинин сүйлөп жатканын угууга болот.

Кара-Кече кени.
Кара-Кече кени.

Мырзабек Абдыкадыров аттуу айдоочу окуя болгон учурда кенге көмүр жүктөгөнү кирип бара жаткан. Ал учурда иш токтобой жүрүп жатканын айтты.

“Тоо урай баштаганда эле машинаны таштап качып чыктык. Кудайга шүгүр, эч нерсе болгон жокпуз. Азыр көмүрдү башка жактан жүктөп жатабыз. Иш токтогон жок”.

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын маалымат катчысы Жийде Зоотбекова учурдагы абал көмүр казып, ташуу ишине кедергисин тийгизбей турганын билдирди.

“Көчкүнүн көлөмү кичине эле. Аны биздин адистер тез эле тазалап коет. Көчкү жүргөн аймак эки жыл мурда казылган. Быйыл ал жерде иш жүрө элек болчу. Бул жагдай көмүр казууга жана ташууга залакасын тийгизбейт. Бишкек ЖЭБине жана калкка көмүр ташуу иштери мурдагыдай эле улана берет. Азыр ал аймакта башка жол салынып жатат”.

Бул Кара-Кече көмүр кениндеги биринчи кырсык эмес. 2020-жылы 14-сентябрда да кенде жер көчкү жүрүп, тоо кулаган. Анда Кара-Кече суусу бөгөлүп, электр мамыларын жана зымдарын зыянга учураткан, болжол менен 500-600 метр жолду жаап калган.

Расмий маалыматта жылган кыртыштын жалпы көлөмү 2 млн. куб метрге чамалуу деп эсептелген.

Ага чейин 2020-жылы 17-августта да Дыйкан - Кара-Кече жолуна таш кулап, көмүр кенине алып барган жол жабылып калган.

Анда жолду басып калган кыртыштын көлөмү 300 миң куб метр экени айтылган. Тиешелүү кызматтар жолду тазалап, Кара-Кече менен болгон автоунаа байланышын 14 күндөн кийин калыбына келтирген.

Бир катар экологдор кендеги бул кырсыкты башаламан иштерге байланыштырган. Энергетика тармагы боюнча эксперт Расул Умбеталиев кендеги кырсык атайын нормалар сакталбаганы үчүн болуп жатканына токтолду.

"3-ноябрда Кара-Кече кенинде болгон жер көчкү техникалык коопсуздук үчүн тийиштүү талаптар аткарылбаганы айдан ачык көрүнүп турат. Жер кыртышын казууда нормалар сакталган эмес. Эми бул көчкүнү тазалоо үчүн кеминде 14 күндөн ашык убакыт кетет. Ансыз да көмүр тартыштыгы жаралып жаткан чакта көмүрдүн баасы дагы асмандап кетпесе болду".

Кара-Кечедеги кылмыштуу топтор

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров быйыл 18-октябрда Кара-Кече көмүр кениндеги иш менен таанышып, коопсуздук маселесин көтөргөн.

Өкмөт башчы анда кеңешме өткөрүп, күз-кыш мезгилинде көмүр менен биринчи кезекте калк, социалдык объектилер жана энергетикалык тармактын ишканалары камсыздалууга тийиш деп эскерткен. Коопсуздук, тартип меселесин көтөргөн.

"Көмүр кендеринде коопсуздук жана тартип камсыздалышы абдан маанилүү. Үстүбүздөгү жылы жылытуу мезгилине карай даярдык кечигүү менен башталды. Мындайга жол берилбеши керек. Иштер үзгүлтүккө учураса, тийиштүү жактар жоопкерчилик тартат", - деген Акылбек Жапаров.

Жыйында көмүргө карата баа саясатына жана көмүр тармагын өнүктүрүүгө тийиштүү сунуштар талкууланган.

Кара-Кечеде мамлекеттик көзөмөл жетишсиз болуп, криминалдык топтордун таасири күчтүү экени бир канча жылдан бери айтылып жүрөт. Буга чейин "Кыргызкөмүрдүн" "Кара-Кече" филиалын "Альфанын" 12 аскери кайтарып жатканы белгилүү болгон. Алар күз жана кыш мезгилинде көмүр кендеги коопсуздукту камсыз кылып турары айтылган. 14-октябрда Кара-Кече көмүр кенинде чыр чыккан.

23-октябрда президент Садыр Жапаров Кара-Кече тууралуу кеп козгоп, көмүр казуудагы тоскоолдуктар тууралуу айткан.

"Кара-Кечеден алып келген көмүргө кум аралаштырып, аны таза көмүр деп жагышчу экен. Биз ошол схеманы токтоттук. ЖЭБге таза көмүр алып келели деп жатабыз. Жакында эле бизге диверсия кылгандарбы же үлүш албай калгандарбы, бирөөлөр камералардын кабелдерин кыркып, экскаваторлордун май куйган багына кумшекер салып кетиптир. Азыр ремонттолуп жатат. Биз ал диверсанттарды табабыз".

Ушул тапта Кара-Кечеден көмүр тынымсыз тартылып жатканы менен элге толук жете элек. Улуттук статистика комитеттин эсеби боюнча, 2020-жылдын октябрь айына салыштырмалуу Кыргызстанда быйыл көмүрдүн баасы орто эсеп менен 18,8% кымбаттады.

Деңиз деңгээлинен 2800 метр бийиктикте жайгашкан Кара-Кече көмүр кени 1913-жылы ачылган.

Кыргызстан боюнча жалпысынан 3 млн. ашык тонна көмүр керектелет. Анын ичинен калкка 1 млн. тоннадан ашуун, Бишкек ЖЭБине 1,5 млн. ашуун сарпталат.

Республика боюнча көмүр казган 70тен ашуун компания бар. Туруктуу иш алып барган компаниялардын саны кыркка чукул.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG