Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:59

Чукул эскертүү: 4-ноябрда кар жаайт


Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 4-5-ноябрда түнкүсүн аба ырайы кескин өзгөрөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, өрөөндөрдө жаан карга айланышы мүмкүн. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

4-ноябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан карга айланат. Тоо этектерине жана тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан жел согуп турат.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...-7, күндүз -2...-7,

Талас облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз -1...-6,

Ысык-Көл дубандарында түнкүсүн 0...-5, күндүз 1...6,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1...6, күндүз 4...9,

Нарын жергесинде түнкүсүн 0...-5, күндүз 3...8,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -17...-22, күндүз -5...-10°.

Бишкек шаарында жаан, кар жаашы мүмкүн. Түнкүсүн -5…-7, күндүз -3…-5° болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG