Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:37

Сот Равшан Жээнбековду абакта калтырды


Равшан Жээнбеков БШКга алып келинди. 2021-жылдын 12-октябры.
Равшан Жээнбеков БШКга алып келинди. 2021-жылдын 12-октябры.

Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн, 3-ноябрда саясатчы Равшан Жээнбековдун бөгөт чарасын карап, аны абакта калтырды.

Адвокат Замир Жоошевдин парламенттик шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин Жээнбековду абактан бошотуу жана ден соолугуна байланыштуу чет өлкөгө дарыланып келүүсүнө уруксат берүү боюнча өтүнүчү канааттандырылган жок.

Судья Азирет Медеров саясатчынын өтө оор абалда экенин тастыктаган медициналык аныктамалар жок деген жүйө келтирди.

Жараяндын алдында саясатчы журналисттердин суроосуна жооп берип, үгүт өнөктүгү учурунда шайлоочулар менен жолугуша албай, конституциялык укуктары бузулуп жатканын айтты.

"Кыргызстанда жалгыз гана мен түрмөдө камалып, конституциялык укуктарым бузулуп отурам. Бул саясий басым жана саясий өч алуу. Шайлоого кое бербей коюу аракети болуп жатат. Бийлик сотторду пайдаланууда. Шайлоочулар менен жолуга албай, маалымат каражаттарына чыгуу мүмкүнчүлүгүм чектелип жатат", - деди Жээнбеков.

Жактоочу ал камактан бошотулуп, талапкер катары толук кандуу үгүт жүргүзүшүнө мүмкүнчүлүк берилиши керектигин билдирген. БШК мүчөлөрү шайлоо органы өз чечимин кабыл алганын, мындан аркы иш соттун колунда экенин айтып, талапкерлерге бирдей шарт түзүлүшү керектигин билдиришкен.

51 жаштагы экс-депутат Равшан Жээнбеков 2019-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбевди кармоо операциясындагы окуяларга айыпталып, камакка алынган. Былтыр парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда, 6-октябрдын түнүндө абактан бошотулган.

Сот саясатчы үй камагынын талаптарын бузганын жүйө келтирип, быйыл 5-августта кайра камоо чечимин чыгарган. Жээнбеков өзүнө коюлган айыпты куугунтук деп сыпаттаган. Жарандык коом аны саясий туткун деп мүнөздөп келет.

Равшан Жээнбеков 10-январдагы президенттик шайлоодо да талапкер болуп, бирок сот чечиминен улам Бишкектен сыртка чыгып үгүт жүргүзө алган эмес.

Буга чейин Жээнбековдун ден соолугу начарлаганын, ал "өнөкөт гепатитке" жана башка вирустук-инфекциялык ооруларга чалдыкканын жакындары жана жактоочусу дарыгердин аныктамасына таянып билдиришкен.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Үгүт өнөктүгү 29-октябрда башталган. (КЕ/KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG