Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:03

Француз элчиси Австралияны калп айтты деп айыптады


Австралиялык суу астында сүзүүчү кеме. Иллюстрациялык сүрөт
Австралиялык суу астында сүзүүчү кеме. Иллюстрациялык сүрөт

Франциянын Австралиядагы элчиси Жан-Пьер Тибо Канберраны калп айтты деп айыптады. Тараптар суу астында сүзүүчү кемелер боюнча көп миллиарддык келишимге байланыштуу талашып-тартышып келатышат. Ортодогу талаш сентябрда АКШ, Британия жана Австралия Инд-Тынч океан аймагында кубатын арттырып жаткан Кытайга туруштук берүү үчүн коопсуздук тармагында жаңы өнөктөштүк түзгөндө тутанган.

AUKUS деп аталган альянстын алкагында Австралия суу астында сүзүүчү америкалык атомдук кемелер менен камсыздалары айтылган. Ал үчүн Канберра Париж менен түзүлгөн келишимден баш тарткан. Бул кадам дипломатиялык араздашууга алып келип, Франция АКШ жана Австралиядагы элчилерин чакыртып алган.

Өткөн айда Канберрага кайтып барган Тибо “Австралия атайы калп айткан, Франциянын далысына бычак урган” деп журналисттерге билдирди.

31-октябрда француз президенти Эммануэл Макрон премьер-министр Скотт Моррисонду Австралиянын планы тууралуу чындыкты айткан эмес деп сындаган.

Макрондун сөздөрүн четке кагып келген Австралия премьери француз лидерине суу астында сүзүүчү кадимки кемелер өлкөнүн талаптарына жооп бербесин түшүндүргөнүн билдирип жооп кайтарган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG