Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:25

АКШда теги казакстандык Сауле Омарова чоң кызматка сунушталды


Сауле Омарова
Сауле Омарова

Ак үй Сауле Омарованы АКШнын Финансы министрлигинин алдындагы Валюталык көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси кылып дайындоо сунушун сенатка жолдоду. Бул маалымат президенттин администрациясынын расмий сайтында 2-ноябрда жарык көрдү.

Талапкерлиги өтсө, Омарова 158 жылдык тарыхта бул кызматты башкарган биринчи аял болуп калмакчы. Башкармалык миңден көп ири банктарды көзөмөлдөйт.

Теги казакстандык 55 жаштагы Омарованын талапкерлиги каралып жатканы тууралуу маалымат августта тараган. Бул кабар АКШда талкууларга жем таштап, айрым банктар менен республикачылар анын идеялары өтө радикалдуу деп каршы чыгышкан.

23-сентябрда президент Жо Байден бул кызматка көрсөтүү ниетин билдирген. Омарованын талапкерлиги өтүш үчүн сенаттагы бардык демократтардын колдоосуна ээ болушу керек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG