Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:31

Шайлоо: Ошто мугалимдердин иши тергөөдөн кыскарды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарындагы Барпы мектебинде жайгашкан №5316 шайлоо участкасынын төрайымы менен катчысы кысымга кабылды делген иш тергөөдөн кыскартылды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы (Ош ШИИБ) билдирди.

Шаардык милициянын маалыматында, тергөө кызматкерлери мугалимдердин ишинен эч кандай мыйзамсыз аракеттерди тапкан эмес. Укук коргоо органдарына кайрылган окутуучулар да тосмо арыз жазып беришкен. Мындан улам 26-октябрда териштирүү иштери токтотулган.

Буга чейин Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Бакыт Алматов шаардагы мекеме-ишканалардын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен өткөн жыйында эреже бузууларга байланышкан даттануулар түшүп жатканын айткан. Ал Барпы мектебинде жайгашкан №5316 шайлоо участкасынын төрайымы менен катчысы аталган мектепте мугалим болуп иштей турганын, алар мектеп директору кысым көрсөтүп жатканын айтышканын билдирген.

Ош ШИИБге шайлоого байланыштуу төрт кайрылуу келген. Алардын экөө кыскарып, бирөө Аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсө, бирөө тергөөдө.

Кыргызстанда 28-ноябрда аралаш система менен парламенттик шайлоо өтөт. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, парламентте 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан келет. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG