Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

Аялдар эркектерге караганда үй иштерине төрт эсе көп убакыт жумшайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстанда аялдар эркектерге караганда үй иштерине жана балдарды тарбиялоого төрт эсе көп убакыт жумшайт. Тактап айтканда, аялдар бир суткалык убактысынын беш саатын үй тиричилигине жана балдарды тарбиялоого арнашат. Ал эми эркектер ушул эле иштерге суткасынын 1 сааттан ашык убактысын сарпайт. Аталган мекеме 1649 үй-бүлөнүн 12 жана андан улуу жаштагы бардык мүчөлөрүнүн бир суткалык убактысын кантип колдоноору жөнүндө сурамжылоо жүргүзгөн.

Сурамжылоого катышкандар бир суткалык убактысынын жарымына жакынын уктоого, өзүнө кам көрүүгө, үйдө жана үйдөн тышкары тамактанууга, мончого, чач тарачка, клиникага баруу жана башка муктаждыктарын канааттандыруу үчүн жумшашат.

Эркектер убактысынын 19% жумушка жана жумушка байланышкан нерселерге жумшайт, бул аялдарга караганда эки саатка көп. Ошол эле учурда, аялдардын бир суткалык убактысынын 21% жакыны үй чарбасын жүргүзүүгө жана балдарды тарбиялоого жумшалат. Бул эркектерге караганда дээрлик төрт саатка көп. Аялдардын бош убактысы эркектердикине караганда бир саатка аз.

2019-жылы Kloop басылмасы үйдөгү акы төлөнбөгөн жумуштар тууралуу иликтөө жарыялаган. Журналисттер Кыргызстандагы үйлөрдө тамак-аш бышыруу, үй жыйноо, кир жуумай жана бала-чаканы кароо көбүнчө аялдардын мойнунда экенин, бул жумуштарга эркектерге караганда үч эсе көп убакыт кетирерин изилдеп чыгышкан. Натыйжада бул көрүнүш кыргызстандык аялдардын окуусуна, иштешине жана өлкөнүн экономикасына өз салымын кошуусуна тоскоолдук кылат.

Үйдө акы төлөнбөгөн иштердин катарына айыл чарба жумуштары да кирип, өсүмдүктөргө кам көрүүдө, жыйым-теримде аялдар көбүрөөк иштешет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG