Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:17

Депутат: Тажикстандагы кыргыздарга чек арадан өтүүгө уруксат берүү керек


Тажикстан. Мургаб району.
Тажикстан. Мургаб району.

Жогорку Кеңештин депутаты Чынара Урумкалиева 3-ноябрдагы парламент отурумунда Тажикстандын Мургаб, Жерге-Тал райондорунда жашаган этникалык кыргыздарга Кыргызстанга кирүүгө уруксат берүү керек деп билдирди.

"Тажикстандын Мургаб, Жерге-Тал райондорунда жашаган этникалык кыргыздар бул жакта ата-энеси, бир туугандары каза болгондо келе албай жатат. Кыргызстандын чек ара кызматы уруксат берген менен тажик тарап уруксат бербейт экен. Мага Орусия, Казакстан, Өзбекстан аркылуу бизге киргенге мүмкүнчүлүк бар деп айтышты. Бирок ал тараптан киргенде биздин чек арачылар киргизбей жатыптыр. Биз мамлекет катары ошол биздин кызыкчылыктабы, жапырт көчүп келсе туруштук бере алабызбы деген суроолорго жооп берип алсак. Мамлекет алардын ошол жерде жашашына кызыкдар болушу керек”, - Урумкалиева.

Тажикстандын Мургаб жана Жерге-Тал (таж. Лахш) райондорунда этникалык кыргыздар жашайт.

Быйыл кыргыз-тажик чек арасында чыккан куралдуу жаңжалдан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу толугу менен жапкан. Президент Садыр Жапаров 23-октябрдагы жылдык маалымат жыйынында чек ара толук такталмайын ачылбай турганын билдирген.

28-30-апрелде жана 1-майда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Үйлөр, социалдык объекттер өрттөлүп, талкаланып, жарактан чыккан.

Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө тең бири-бирин айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG