Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:09

Лос-Анжелесте эл аралык Азия кинофестивалы башталды


Асел Шерниязова.
Асел Шерниязова.

Лос-Анжелесте эл аралык Азия кинофестивалы (Asian World Film Festival) башталды. Бул тууралуу фестивалдын уюштуруучусу Асел Шерниязова "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Фестивал 1-11-ноябрь күндөрү өтүп, жабылышы 12-ноябрда болот.

21-октябрда Лос-Анжелес шаарында Азия дүйнөлүк кинофестивалынын алдындагы иш-чара өттү, ага Голливуд индустриясынын жана Азиянын кино коомчулугунун өкүлдөрү катышкан.

Жети жыл мурун өтө баштаган фестивал режиссер, Кыргызстандын Франциядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, БУУнун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча уюмуна (ЮНЕСКО) туруктуу өкүл Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген. Аны кыргызстандык Асел Шерниязова 2015-жылдан бери жетектейт.

Шерниязова ушул жылы Голливуддагы чет элдик басылмалар ассоциациясынын "Алтын глобус" уюмуна Борбор Азиядан алгачкы жолу кыргызстандык өкүл болгон. HFPA сайтындагы маалыматка караганда, Асел Шерниязова ассоциацияга жаңы кошулган 21 мүчөнүн, ошол эле учурда уюмдагы 48% түзгөн аялдардын, 24% түзгөн азиялыктардын бири.

HFPA ассоциациясынын 87 мүчөсүнүн ичинде европалыктардан башка раса өкүлү жоктугунан улам чыккан чатактан кийин уюм реформа жүргүзүп, жаңы 24 мүчө тандаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG