Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:46

ИИМ: Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды


Иллюстрация. Бишкек шаары, 2020-жыл.
Иллюстрация. Бишкек шаары, 2020-жыл.

Алдамчылык менен айыпталып, мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер минисртрлигинин (ИИМ) Орусиядагы өкүлчүлүгү кабарлады. Шектүүнүн жүргөн жерин аныктоого Орусия ИИМнин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери көмөктөшкөн.

Издөөдө жүргөн Жалал-Абад облусунун 39 жаштагы Э.О. аттуу тургуну алдоо жолу менен жабырлануучулардын ишенимине кирип, аларга олуттуу чыгым келтиргени аныкталган. Расмий маалыматка кеараганда, Москвада кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү катары Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин каттоосунда турат.

Ал 2010-жылдан 2013-жылга чейин 14 алдамчылык фактысын жасоого шектелип 2016-жылдан бери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн. Жабыр тарткан ишкерлерге келтирилген материалдык чыгым 33 миң 500 доллардан ашат. Алдын ала маалыматтарга караганда, аталган жаран узак убакыт бою жасалма документтерди жасап, өзүн соода жайынын ээси катары көрсөтүп, жарандарды алдап, башка бирөөнүн мүлкүн чоочун адамдарга мыйзамсыз сатып жүргөн.

Анын Москва шаарында жүргөндө жакын тууганынын паспортун колдонуп, 5 жыл изин жашырууга үлгүргөн. Учурда шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси 1993-жылы кабыл алынган Минск конвенциясына ылайык чечилүүдө. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG