Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:29

Дүйнө лидерлери метан эмиссиясын азайтуу милдеттенмесин алышты


Глазгодогу саммит. 2-ноябрь, 2021-жыл
Глазгодогу саммит. 2-ноябрь, 2021-жыл

Глазгодогу климаттык саммитке катышкан ондогон өлкөлөрдүн лидерлери 2030-жылга карай токойлордун жок болушун токтотууга, зыяндуу газдардын абага бөлүнүп чыгышын азайтууга аракет көрүлөрүн билдиришти. Кошмо Штаттар менен Европа биримдиги баш болгон мамлекеттердин демилгесине 80ден ашуун мамлекет кошулду.

Атап айтканда, лидерлер он жылдыктын аягына чейин метандын эмиссиясын 2020-жылдагы көрсөткүчтөн 30% азайтуу милдеттенмесин алышты.

Дал ушул декларация саммитте кабыл алынган эң маанилүү доумент болуп эсептелет.

АКШ президенти Жо Байден метандын атмосферага бөлүнүп чыгуусун “мүмкүн болушунча тезирээк” азайтуу - абанын ысышын 1,5 градустан ашырбай кармап туруу үчүн абдан маанилүү экенин билдирди.

Документке метан эмиссиясынын деңгээли боюнча дүйнөдө бешилтикке кирген Бразилия да кошулду. Ал эми калгандары - Кытай, Орусия жана Индия кол коюшкан жок.

Британ премьер-министри Борис Жонсон дүйнө жүзүндөгү токойлорду сактап калуу планы тууралуу жарыялады. Тиешелүү декларацияга кол койгон 100дөн ашуун мамлекетке жер бетиндеги токойлордун 85% туура келет.

Жонсон токойлордун талкаланышын алдын алуу үчүн 2025-жылга чейин 12 мамлекеттен 12 миллиард доллар бөлүү убада кылынары күтүлгөнүн буга чейин айткан.

Дүйнө жүзүндөгү токойлор курулуш жана айыл-чарба муктаждыктары үчүн четинен жок кылынууда. Айлана-чөйрөнү коргоочулар бак-дарактар зыяндуу газдарды сиңирип аларын айтып, токойлордун кыйылышы атмосферанын ысышына алып келгенин белгилешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG