Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:07

Ооганстан-Пакистан чек арасындагы өткөөл ачылды


Чаман чек ара пункту жабык турган маалда. Сентябрь 2021-жыл
Чаман чек ара пункту жабык турган маалда. Сентябрь 2021-жыл

Ооганстан менен Пакистан ортосундагы ири чек ара өткөөлдөрдүн бири - Чаман бир айдан кийин кайрадан ачылды. Эми миңдеген жолоочулар менен оор жүк тарткан автоунаалар эки жакка ээн-эркин каттай алышат. Чаман пункту аркылуу Ооганстандын түштүгүндөгү Кандагар шаарынан жер жемиш менен башка товарларды Пакистанга ташып өтүшөт.

Өткөөлдүн жабылышы менен дыйкандар ири чыгымга учурашкан. Пакистандын 2 жарым миллиард долларга тете жылдык экспорттук продукциясы дал ушул Чаман аркылуу өтөт.

Накталай акчанын тартыштыгына туш болгон “Талибан” курган өкмөт үчүн да бул окуя чоң мааниге ээ.

Чек ара ачылган күнү Чамандан миңдеген киши, арасында аялдар менен балдар каттаганын жергиликтүү расмий адамдардын бири билдирди. Дагы бир маалыматка ылайык, бир күндө азык-түлүк, дары-дармек тарткан 200дөй жүк ташуучу машине чек араны кесип өттү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG