Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:13

Шайлоо-2021: Алты талапкер ат салышуудан баш тартты


Бир мандаттуу округдардын картасы. Жалпы 36 округ.
Бир мандаттуу округдардын картасы. Жалпы 36 округ.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышуудан алты талапкер баш тартты. Алардын баары бир мандаттуу окрудагдардан өздөрүн көрсөткөндөр. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 2-ноябрдагы отурумунда белгилүү болду.
Шайлоого катышуудан баш тарткан талапкерлер:

Эркинбек Чодуев - №10 Куршаб шайлоо округу;
Токтоналы Нусубалиев - №21 Талас шайлоо округу;
Салиман Малдыбаева - №36 Ысык-Көл шайлоо округу;
Акылсайра Жумабекова - №35 Ак-Суу шайлоо округу;
Улан Карагулов - №31 Кемин шайлоо округу;
Асан Шакиров - №13 Сузак шайлоо округу.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын маалыматына караганда, ушуну менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандаттуу округдардан 306 талапкер калды.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрда болот. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланып келет.

Былтыркы шайлоонун жыйынтыгы элдин нааразычылыгынан улам жокко чыгып, өлкөдө бийлик алмашкан.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG