Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:47

ЖАМК: Тергөө абагы рак менен ооруган шектүүнү кабыл ала албайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматы (ЖАМК) Кыйноолорго каршы улуттук борбордун №5 тергөө абагына рак менен ооруган адамдын кабыл алынбаганы тууралуу билдирүүсүнө жооп кайтарды. Ага ылайык, шектүүнүн онкологиялык оорусу бардыгы тууралуу дарыгердин тастыктамасынан улам, Ош шаарындагы тергөө абагы аны кабыл алуудан баш тарткан. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова "Азаттыкка" билдирди.

"Убактылуу камоочу жайдан тергөө абагына которулуп жаткан жарандар медициналык жардамга жана дарылоого муктаж болсо, аны тергөө абагы кабыл ала албайт. Тергөө абагында онколог дарыгер жок. Шектүүнү убактылуу камоочу жайдын кызматкерлери онколог дарыгерге көрсөтүп, маселе чечилгенче жергиликтүү бейтапканадан жардам алып турса болот. Эгер онколог дарыгер бейтап чукул операцияга муктаж эмес экенине тастыктама берсе, анда №5 тергөө абагы кабыл алат".

Кыйноолорго каршы улуттук борбор Ош шаарындагы №5 тергөө абагы онкологиялык дартка чалдыккан шектүүнү кабыл алуудан баш тартканы жөнүндө билдирүү тараткан. Ага ылайык, шектүү Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) убактылуу камоочу жайына кайтарылган. Маалыматка ылайык, дарыгерлер шектүү уйку безинин рагы менен жабыркарын, медициналык операция зарылдыгын билдиришкен.

Кыйноолорго каршы улуттук борбор буга чейин Бишкектеги Улуттук хирургия борборунун дарыгерлери абакта жатып кырсыктаган адамды карабай койгону үчүн аларды жоопко тартуу сунушун Саламаттык сактоо министрлигине берген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG