Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:50

Маданият тармагында эмгектенгендер  сыйланды


Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жана кыякчы Аида Баякова.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жана кыякчы Аида Баякова.

Бүгүн, 2-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата маданият жана искусство тармагына үзүрлүү эмгек өтөгөн өнөрпоздор "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланды.

Иш-чара маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун катышуусунда өттү.

Сыйлангандар арасында борбордогу жана аймактардан келген театр, окуу жай, музей, кино, китепкана, эстрада, кол өнөрчүлөр жана райондук маданият бөлүм башчылар бар.

Кыргызстанда 2-ноябрь - Маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары белгиленет. Бул дата 1926-жылы 2-ноябрда драматург Молдогазы Токобаевдин "Кайгылуу Какей" пьесасынын коюлушуна байланыштуу тандалып алынган. Маданият ишмерлеринин күнү 1995-жылдан бери белгиленип келүүдө.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, өлкө аймагында 20 театр иштейт. Маданият тармагында 12 миңдей адам эмгектенет.

Кыргызстан эгемендик алган алгачкы жылдары маданият тармагы кыйын абалга кептелип, соңку жылдары гана оңоло баштаганы айтылып келет. Мамлекеттик маданий мекемелерде иштегендер өлкөдө эң аз айлык алган кызматкерлердин катарында. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG