Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:31

Садыр Жапаров: Климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга 3 млрд. доллар керек


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу үчүн Кыргызстанга 3 млрд. АКШ доллары керек. Бул тууралуу өлкө президенти Садыр Жапаров Шотландиянын Глазго шаарында өтүп жаткан климаттын өзгөрүшүнө арналган COP26 саммитинде 2-ноябрда сүйлөгөндө айтты.

Ал мөңгүлөрдү сактап калуу маселесин козгоп, Кыргызстан үчүн суу ресурстарын жана улуу тоолорду климаттын өзгөрүүсүнөн гана эмес, экономикалык абийирсиз ишмердүүлүктөн сактап калуу өтө маанилүү экенине токтолду.

"Тилекке каршы, Кыргызстанда мындай прецеденттер бар, ошондуктан мен дүйнөлүк коомчулукту мындай бизнес практикасына биргелешип каршы турууга чакырам. Ыңгайлашуу программалары жана долбоорлору айыл чарба, суу ресурстары, энергетика, өнөр жай, өзгөчө кырдаалдар, калктын саламаттыгы, токойлор жана биотүрдүүлүк сыяктуу аялуу секторлордо ишке ашырылат. Биздин өлкөнүн 94% тоолор экенин эске алсак, алдыдагы иштердин масштабы эбегейсиз. Аларды ишке ашыруу дээрлик үч миллиард АКШ долларын талап кылат", - деди Жапаров.

Президент 2050-жылга карай Кыргызстан өнүгүүнүн жашыл платформасын тандай турганын белгилеп, өнүккөн өлкөлөрдү бул тармакка инвестиция салууга чакырды.

Климаттын өзгөрүшүнө арналган эл аралык саммит 1-ноябрда башталды. Ага катышуу үчүн 120дан ашуун мамлекеттин башчылары жана жогорку жетекчилери Британияга келди.

Садыр Жапаров Канаданын өкмөт башчысы Жастин Трюдо, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди баштаган бир нече дүйнө лидерлери жана эл аралык каржылык уюмдардын жетекчилери менен жолукту.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG