Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:32

Жапаров: БУУнун климат саммитин 2027-жылы Бишкекте өткөрүүнү сунуштадык


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Глазго шаарында өтүп жаткан дүйнө лидерлеринин климаттын өзгөрүүсү боюнча саммитинин алкагында “Фейсбуктун” кеңсесинде (Meta Platforms компаниясы) президенттин баракчасы аркылуу түз эфирде кайрылуу жасады. Жапаров анда самитте көтөргөн маселелерге токтолуп, буга чейин 2027-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун глобалдык самиттин Бишкекте өткөрүүнү сунуштаганын белгиледи.

“Ушул жылдын 21-сентябрында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясында видео кайрылуу жасадым. Ошол жерде 2022-жылды кайрадан эл аралык тоолор жылы деп жарыялоону, тоолуу аймактарды өнүктүрүү үчүн беш жылдык программаны бекитүүнү сунуштадым. Ал эми +25 глобалдык самиттин Бишкекте өткөрүүнү дагы сунуштадым. Мен самитте биз сыяктуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн өз алдынча максаттуу каржылоонун каралышын сунуштадым”, - деди Жапаров.

Садыр Жапаров Шотландиянын Глазго шаарында өтүп жаткан климаттын өзгөрүшүнө арналган COP26 саммитинде 2-ноябрда сөз сүйлөдү. Анда Жапаров климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу үчүн Кыргызстанга 3 млрд. АКШ доллары керек экенин билдирген. Ал мөңгүлөрдү сактап калуу маселесин козгоп, Кыргызстан үчүн суу ресурстарын жана улуу тоолорду климаттын өзгөрүүсүнөн гана эмес, экономикалык абийирсиз ишмердүүлүктөн сактап калуу өтө маанилүү экенине токтолгон.

Климаттын өзгөрүшүнө арналган эл аралык саммит 1-ноябрда башталды. Ага катышуу үчүн 120дан ашуун мамлекеттин башчылары жана жогорку жетекчилери Британияга келди. Садыр Жапаров Канаданын өкмөт башчысы Жастин Трюдо, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди баштаган бир нече дүйнө лидерлери жана эл аралык каржылык уюмдардын жетекчилери менен жолукту. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG