Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:01

COVID-19: Эки бейтап каза болду, 74 адамдан жаңы аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

3-ноябрга карай Кыргызстанда коронавирустан дагы эки бейтап кайтыш болду. Экөө тең вакцина албагандар экенин Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады. Ушуну менен өлкөдө коронавирус жугуп кайтыш болгондордун расмий саны 2676кө жетти. Акыркы бир суткада 74 киши инфекцияны жуктуруп алганы аныкталды. Ооруну жуктургандардын көбү Чүй менен Бишкек шаарында. Ош шаарында жаңы учур катталган эмес.

  • Бишкек - 23
  • Чүй облусу – 25
  • Ош облусу – 2
  • Талас облусу - 4
  • Нарын облусу - 1
  • Ысык-Көл облусу – 11
  • Жалал-Абад облусу –7
  • Баткен облусу - 1

Бир сутка ичинде 97 адам оорудан айыгып чыкты. Ушул тапта 605 бейтап ооруканада, 803ү үйдө дарыланууда. Ооруга чалдыккандар 2020-жылдын март айынан бери 181 миң 425 кишиге жетти.

Коронавирус инфекциясына каршы 1 миллион 756 миңден ашуун адам вакцина алды. Анын миллионго чукулу биринчи дозаны, калганы эки дозаны сайдырышты. Эмдөө бир адамга эки дозада сайылат, аралыгы 21 күн болууга тийиш.

Ушул тушта жашы 18ден өткөн жарандарга Sinopharm, Pfizer/BioNTech, Astra Zeneca, KazVac препараттары акысыз сайылууда. Саламаттык сактоо министрлиги Sputnik-V вакцинасы түгөнгөнүн билдирген.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG